Евразияга сереп салуу-76

Украинада абал кайрадан курчуй баштады.

306521
Евразияга сереп салуу-76

Урматтуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Украинадагы акыркы окуялар тууралуу сөз кылабыз.
Украина кризисинин чечилиши үчүн май айында ташталган кадамдар май айынын аягында тыйылды. Май айынын аягында Украинадагы тараптар кайрадан оор курал-жарактарын колдонушуп, Украинанын чыгышынан каза болгон адамдар боюнча кабарлар чыга баштады. Алгач Украинада акыркы убакта болуп өткөн маанилүү окуяларга көз чаптыралы.
Бир жактуу түрдө көз карандысыздыгын жарыялаган Донецк Элдик Республикасынын Парламенти 15-май күнү «Коргонуу боюнча» мыйзам кабыл алды. Бул мыйзамга ылайык жикчилдер мындан ары өздөрүнүн армиясын кура алышат.
Украина, Донбасс жана Орусиядан келген аскердик адистери тарабынан түзүлгөн «Биргелешкен координация жана көзөмөлдөө» борборунда иштеген бир кызматкердин «РИА Новости» кабар агенттигине 19-майда берген маалыматы боюнча, Донецк аэропортунун айланасында акыркы 2 күн ичинде атышуулар болуп, бул кагылышууларда танка, ракета сыяктуу куралдар колдонулган.
Донбасста замбирекчилердин аткан огу электр энергиясынын өчүшүнө себеп болуп, шахтада иштеп жаткан 379 жумушчу сыртка чыга албай калышкан. Көптөгөн аракеттердин натыйжасында бул жумушчулар шахтадан аман-эсен чыгарылды.
Украина Радасы 21-май күнү буга чейин Орусия менен кол коюлган 5 келишимди жокко чыгарды. Радада кабыл алынган чечимге ылайык, Орусия менен Украинанын ортосундагы «Мамлекеттик сыр болгон маалыматтардын корголушу», «Орус жоокерлеринин Молдова Республикасына Украина территориясы аркылуу өтүшү», «Эки өлкөнүн ортосунда аскердик байланыш», «Аскердик чалгынчылык тармагында кызматташуу» жана «Аскердик тармакта кызматташуу» деген келишимдер жокко чыгарылды.
Луганскдагы «Призрак» жикчилдер бөлүгүнүн лидери Алексей Мозговой алты санаалашы менен бирге 24-майда тузакка түшүрүлүп өлтүрүлдү.
2014-жылдын 25-майында шайлоочулардын 54 пайызынын добушун алып Украинанын президенти болуп шайланган Петр Порошенко Украинанын мамлекет башчысы кызматында бир жыл иштеп койду. Порошенко бул кызматка 7-июнь күнү ант берип баштаган эле. Бир жыл ичинде Порошенко берген убадаларынын көпчүлүгүн ишке ашыра алган жок.
Украинанын чыгышындагы Горловка деген айылда 27-майда беш киши каза болуп, төрт киши жаракат алды.
29-майда Украинанын жарандыгына кабыл алынган Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили 30-май күнү Одессанын губернатору болуп дайындалды.
Украинанын президенти Петр Порошенко 30-май күнү «Улуттук стратегиялык коопсуздук документине» кол койду. Жаңы стратегиялык документте Украинанын Европа Биримдигине интеграциясы жана НАТОго мүчө болуу шарттарын камсыз кылуу негизги багыт катары көрсөтүлгөн.
Украина Радасы «чет өлкөлүк куралдуу күчтөрдүн өлкөгө киришине уруксат берген» мыйзамга толуктоо киргизүүнү жактырды. Ошентип Украинанын чыгышына чет өлкөлүк тынчтык миссияларын жайгаштыруунун жолу ачылды.
30-майда Орусия Европанын санкцияларына жооп катары 89 европалык саясатчы жана армия кызматкеринин өлкөсүнө киришине тыюу салды.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин коопсуздук жана куралсыздануу департаментинин башчысы Михаил Ульянов 1-июнда Орусиянын керек болсо Крым баш болуп өлкөнүн бардык жерлерине ядролук курал жайгаштыруу укугуна ээ экендигин билдирди.
Украинанын аскердик башкы штабы 4-июнда Минск келишимине ылайык арка тарапка ташылып кеткен оор курал жарактарды жикчилдерге каршы колдонушкандыгын билдирди.
Донецктин коргоо лидерлеринен Эдуард Басурин Донецк аймагында болгон кагылышууларда 5 жаран жана 10 жоокердин каза болгондугун, ал эми Украинанын президентинин жардамчысы Юрий Буряков бул кагылышууларда 3 украиналык жоокердин набыт болгондугун билдирди.
Бириккен Улуттар Уюмунун май айындагы отчетуна ылайык, тынчтык сүйлөшүүлөрү жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан Украинанын чыгышында каза болгондордун саны 6 миң 400гө жеткен.
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун төрагасы Ивица Дачич 4-июнда Украинанын чыгышында кайрадан башталган кагылышууларды айыптап: «Күч колдонууну кабыл албайбыз. Оор курал-жарактардын колдонулушу жана карапайым калк жашаган аймакта башаламан октордун атылышы мени аябай кабатыр кылууда. Бул фактылар Минск келишимин орой түрдө бузганга тете,»-деди.
Украинада акыркы убакта болуп өткөн окуялардан байкалгандай эле, май айындагы оң жагдайдын ордуна кооптуу жагдай кайра орун алды. Адамдардын каза болгондугу тууралуу кабарлар чыга баштады. Орусия менен Европанын лидерлери азыртадан кийлигишип оор курал-жарактардын колдонулушуна каршы чара көрүүлөрү керек.
Киевдеги бийлик Орусия менен мамилелерин үзө тургандыгын тастыктаган чечимдерди кабыл ала башташты. Киевдин бул кадамдарынын жыйынтыгынын кандай болоорун убакыт көрсөтөт.
Кадырлуу окурмандар, ушуну менен бүгүнкү чыгарылышыбыз соңуна чыкты. Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар