Евразияга сереп салуу-57

Украина кризиси

211787
Евразияга сереп салуу-57

Урматтуу угармандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Украина кризиси тууралуу сөз кылабыз.
2015-жыл украиналыктар үчүн жакшы башталган жок. Украинанын чыгышындагы жарандык согушту токтотуу максатында январь айында өткөрүлгөн жолугуушулар жыйынтык бербеди. Январь айы украиналыктар үчүн кан көп төгүлгөн кара айлардан болуп калды. Алгач январь айында Украинада болуп өткөн маанилүү окуяларга көз чаптыралы.
Украина Президенти Порошенко өлкөнүн чыгышын террористтерден тазалоо үчүн армияга буйрук берип, Украинанын чыгышында 9-январдан бери катуу кагылышуулар болуп жатат.
13-январда Украинанын чыгышында автобуска ракета тийип 13 атуул каза болду. Ошол эле күнү Германия, Орусия, Украина жана Франциянын тышкы иштер министрлери Берлинде жолугушуп 15-январда Астанада болушу пландалган мамлекет башчыларынын жолугушуусунун кийинкиге жылдырылганын билдиришти.
18-январда Украина армиясы Донецкке жасаган чабуулдарын кеңейтти.
Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков 19-январда Орусиянын президенти тарабынан Украинанын президентине согуштук оор техникалардын Украинанын чыгышынан чыгаруу боюнча сунуш киргизилгенин бирок Киев тарабынан бул сунуштун кабыл алынбагандыгын билдирди.
Германия, Орусия, Украина жана Франциянын тышкы иштер министрлери 21-январда Берлинде Украина маселесин талкуулашты. Жолугушуудан кийин орток билдирүү жасалып, согушкан тараптардын атышууну токтотуусу, буга чейин жетишилген келишимге ылайык согуштук оор техникалардын майдан тилкесинен чыгарылышы талап кылынды.
22-январда Донецкте трамвай аялдамасына снаряд түшүп 15 киши каза болду. Көптөгөн жарандар жаракат алды.
Украина боюнча Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун миссиясынын басма сөз катчысы Михаил Боцюркив 22-январда, Украинанын чыгышында жалпысынан 5 миңден ашуун кишинин каза тапкандыгын, согуштун айынан 1 миллионго жакын кишинин үй-жайларын таштоого мажбур болгонун, жаракат алгандардын санынын 10 миңден ашкандыгын билдирди. Украинада жарандык согуш башталгандан бери 276 миңден ашуун украиналык Орусияга баш калкалаган.
Донецктин жикчил командирлеринен Эдуард Басурин 23-январда Украина армиясынын акыркы күндөрдө 752 жоокери менен 59 танкынан ажырагандыгын жарыя кылды.
24-январда Мариуполь шаарына чабуул жасалды. Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков жасалган чабуул натыйжасында 30 кишинин каза болгондугун, жаракат алгандардын санынын 102ге жеткендигин билдирди. Президент Порошенконун буйругу менен 25-январь Украинада аза күтүү күнү деп жарыяланды.
25-январда Украинанын коопсуздук жана коргонуу жыйынында сөз сүйлөгөн президент Порошенко, акыркы эки күндө Украинанын чыгышында 600дөй террористтин өлтүрүлгөндүгүн билдирди. Украинанын президенти буга чейин Давостогу форумда Украинада оор куралданган 9 миң орус аскеринин согушуп жаткандыгын билдирген эле.
Орусиянын юстиция министрлиги Украинанын Оң сектор, УНА-УРСО, Украина төңкөрүш армиясы, Степан Бандера гарпундары жана Бир туугандар кыймылы уюмдарынын Орусиядагы иш-чараларына тыюу салган чечим кабыл алды.
Январь айында Украинада болуп өткөн окуялардан байкалгандай өлкөдөгү абал барган сайын оорлошууда. Украина армиясы жикчилдерге каршы январь айында жасаган операцияларында ийгиликке жетишкен жок. Ал гана эмес бул окуялардан кийин өлкөдөгү кооптуу аймактардын катарына Мариуполь да кошулду. Президент Порошенко жана Эдуард Басуриндин акыркы күндөрдө Украинада каза болгондордун саны боюнча жасаган билдирүүлөрү үрөй учура тургандай. Жаңжалдын тараптары бири-бирин күнөлөө менен алек. Берлиндеги Тышкы иштер министрлеринин жыйынында айтылган согуштук оор куралдардын майдан тилкесинен чыгаруу маселеси ишке ашпаса карапайым жарандар жок жерден каза боло берчүдөй.
Жикчилдер көз карандысыздык, батышчылдар өлкөнүн территориалдык бүтүндүгүн, Орусия Киевди, батыш болсо Орусиянын дүйнөдөн бөлүнүп калуусун каалап жатат. 2015-жыл украиналыктар үчүн аябай оор болчудай.
Кадырлуу угармандар, ушуну менен бүгүнкү чыгарылышыбызды даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар