Евразияга сереп салуу-54

Түркия 2014-жылы Евразия аймагындагы өлкөлөр менен кандай мамиле түздү?

185726
Евразияга сереп салуу-54

Урматтуу окурмандар! Cиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Түркиянын өткөн 2014-жылы Евразия аймагындагы өлкөлөр менен кандай мамиле түзгөнүн анализдеп көрөбүз.
2014-жылы Түркиянын Евразия аймагындагы өлкөлөр менен мамилеси туруктуу абалда уланды. Алдын ала пландалган бардык жыйын жана жолугушуулар өткөрүлдү. Алгач Евразия аймагындагы өлкөлөр менен Түркиянын ортосунда болуп өткөн 2014-жылдагы маанилүү окуяларга көз жүгүртөлү.
Түркия Республикасы тарабынан мындан бир канча жыл мурда ишке ашырыла баштаган үч тараптуу тышкы иштер министрлеринин жыйындары регионалдык кызматташтык үчүн аябай маанилүү десек болот. 2014-жылы бул жыйындар белгиленген жерлерде өткөрүлдү. Алгач Генже шаарында 2014-жылдын 19-февраль күнү Азербайжан, Грузия жана Түркия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 3-жыйыны болуп өттү. Азербайжан, Грузия жана Түркия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин 4-жыйыны ушул эле жылдын 10-декабрында Карс шаарында болду. Түркия, Азербайжан жана Ирандын тышкы иштер министрлеринин 3-жыйыны 2014-жылдын 14-мартында Ван шаарында өткөрүлдү. Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстан мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин алгачкы үч тараптуу жыйыны 26-май күнү Бакуда болуп өттү. Жыйындын соңунда «Баку декларациясы» кабыл алынды. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мындай үч тараптуу жыйындын Казахстан, Кыргызстан жана Өзбекстан тарабынан да өткөрүлүшү зарыл экендигин белгилей кеткибиз келет.
Түркия 2014-жылы Орусия, Украина жана Кыргызстан менен Стратегиялык кызматташуунун жогорку деңгээлдеги жыйындарын ийгиликтүү өткөрдү. Бул жыйындар эки тараптуу мамилелердин жогорку деңгээлде болушуна салым кошууда.
Түркия Республикасы башка мамлекеттер менен мамилелерин чыңдоо үчүн визасыз режимге жетишүү ишин 2014-жылы да улантты. 2014-жылдын 11-апрелинде Түркия менен Монголиянын ортосунда 30 күндүк визасыз каттоо келишими күчүнө кирди. 1-июндан баштап Түркия менен Беларусиянын жана Түркия менен Молдованын ортосунда визасыз каттоо башталды.
4-5-июнь күндөрүндө Бодрум шаарында Түркиянын президенти Абдуллах Гүлдүн эгедерлигинде 4-Түрк тилдүү өлкө лидерлеринин саммити болуп өттү. Түркмөнстандын президенти саммитке алгачкы жолу конок мамлекет башчысы катары катышты. Бердимухаммедовдун аты аталган саммитке катышуусунда Абдуллах Гүлдүн эмгеги зор десек болот.
Евразия аймагынын алдыңкы өлкөлөрүнөн болгон Түркия менен Орусиянын эки тараптуу мамилелери 2014-жылы жемиштүү болду. Эрдоган 2014-жылдын башында Сочидеги кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышты. Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Сергей Нарышкин 16 жылдык убакыттан кийин думанын төрагасы катары 2014-жылдын 27-февралында Түркияга расмий иш сапар менен келди. Нарышкин август айында болуп өткөн Эрдогандын инагурациясына да орусиялык делегацияны жетектеп келди. Орусиянын Президенти Владимир Путин 1-декабрь күнү Түркия-Орусия жогорку деңгээлдеги кызматташтык кеңешинин 5-жыйынына катышуу үчүн 10 министри менен Анкарага келди. Путин Анкарада «Түштүк агымдын» ордуна Кара деңизден Түркияга өтө турган жаңы табигый газ линиясынын курула тургандыгын билдирди.
Түркия батыштын Орусияга жасаган санкцияларына кошулган жок. Бирок Түркия Орусиянын Крымды кошуп алышын тааныбай тургандыгын, Украинанын территориялык бүтүндүгүн жактаарын билдирди. Бул боюнча Түркиянын тышкы иштер министрлиги «Түркия Крым Автономиялуу Республикасынын мыйзамсыз тартылып алынышын тааныбайт» деген билдирүү жарыялады.
2014-жылдын башында Сочидеги кышкы олимпиада оюндарынын ачылыш аземине катышкан Эрдоган ал жерде Өзбекстандын президенти Каримов менен жолугушту. Түркиянын ошол кездеги тышкы иштер министри Ахмед Давутоглу 10-12-июль күндөрү Өзбекстанга расмий иш сапары менен барды. Түркия тышкы иштер министринин 13 жылдан кийинки Өзбекстан зыяраты тарыхый окуя болуп калды.
Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 10-августта Анкара шаарында жайгашкан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын митингине катышып, президенттик шайлоодон жеңиш менен чыккан Режеп Таййип Эрдоганды куттуктап сөз cүйлөдү. Эрдогандын 28-августтагы инагурациясына Евразия аймагындагы мамлекеттердин бардыгы өкүл жиберишти. Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Мезенцев да инагурацияга катышты.
Түркиянын президенти Эрдоган чет өлкөгө болгон алгачкы расмий иш сапарын 2-3- сентябрда Азербайжандан баштады. Эрдоган президент катары Орто Азия өлкөлөрүнүн ичинен эң биринчи Түркмөнстанга барды.
Ушуга чейин берген маалыматтарыбыздан байкалгандай эле, Түркиянын Евразия аймагындагы мамлекеттер менен мамилелери 2014-жылы стабилдүү өнүктү. Ошону менен катар аймактагы көйгөйлүү маселелер 2014-жылы эл аралык саясаттын чордонунда болду. Түркиянын тышкы иштер министрлиги жыл бою Украина, Крым татарлары, Азербайжан менен Армениянын чек ара кагылышуулары жана уйгурлардын маселелери сыяктуу Евразия аймагындагы орчундуу маселелерде керектүү билдирүүлөрдү жасап турду. Тышкы иштер министрлиги мындан сырткары Тайланддагы бир токойдо жасалма паспорттор менен кармалган 300 уйгурду Түркияга алып келүү үчүн дипломатиялык иш-аракеттерди көрө баштады.
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар