Евразияга сереп салуу-47

Грузиядагы саясий абал Евразияга сереп салуу программасында.

202898
Евразияга сереп салуу-47

Урматтуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Грузиядагы саясий абал тууралуу сөз кылабыз.
Кадырлуу угармандар, үстүбүздөгү жылдын июль айында парламент тарабынан ишеним көрсөтүлгөн Грузия өкмөтү ноябрь айынын башында саясий кризиске учурады. Грузиянын премьер-министри Иракли Гарибашвили Коргоо министри Иракли Аласанияны 4-ноябрда кызматтан алды. Гарибашвили бул чечимине жүйө катары Коргоо министрлигиндеги сатып алууларда эрежелердин бузулгандыгын көрсөттү. Грузиянын тышкы иштер министри Мая Панжикидзе менен Грузиянын Европа жана евроинтеграция иштери боюнча министри Алекси Петриашвили Аласаниянын кызматтан алынышына нааразы болушуп кызматтан кетишти. Бул министрлер мүчө болгон «Биздин Грузия-Эркин демократтар» партиясы «Грузия кыялы» коалициясынан чыкканын билдирди. Акыркы эки жылдан бери өлкөнү башкарган коалиция чачырап Грузияда саясий кризис жаралуу коркунучу туулду.
Мая Панжикидзе менен бирге анын министрликтеги жардамчылары Давид Залкалиани, Тамара Беручашвили, Леван Гургенидзе жана Давид Жалагания дагы кызмат орундарын ташташканы билдирилген болчу. Бирок булардын арасынан Тамара Беручашвили Аласания менен жолугушкандан кийин кызматтан кетпей тургандыгын билдирди. 11-ноябрь күнү Беручашвили Тышкы иштер министри кызматына дайындалды. Өкмөт башчы Коргоо министрлиги кызматына мамлекеттик коопсуздук жана кризистик борборунун башчысы Миндия Жанелидзени дайындады. Грузиянын Европа жана евроинтеграция иштери боюнча министри кызматына 15-ноябрь күнү Давид Бакрадзе шайланды. Ушундай дайындоолор аркылуу кызматтан кеткен министрлердин орду убактылуу толукталды. Убактылуу дегенибиздин себеби Грузиядагы саясий кризис бул дайындоолор аркылуу чечилип калбайт.
«Биздин Грузия-Эркин демократтар» партиясы 8-ноябрь күнү курултай өткөрүп Ираклий Аласанияны төрага кылып шайлады. Курултай катышкан өкүлдөрдөн 2038 киши добушун Аласанияга берди. 10-ноябрда болсо аталган партиянын мүчөсү болгон Юстиция министри Тея Цулукиани партиядан чыккандыгын билдирди.
Грузиянын Президенти Георги Маргвелашвили өлкөдөгү саясий абалдан улам 14-ноябрь күнү парламентке келип билдирүү жасады. Маргвелашвили парламентте сүйлөгөн сөзүндө кызматтан алынган министрлерди жактап, өлкөнүн Европа менен НАТОго интеграциясы аркылуу гана ийгиликке жете тургандыгын билдирди.
Грузияда 2003-жылы болуп өткөн революцияга финансылык колдоо көрсөткөн америкалык белгилүү миллиардер Жордж Сорос 14-ноябрь күнү Грузияга эки күндүк расмий сапар менен келди. Соростун Грузияга «Ачык коом» институтунун 20 жылдык мааракеси үчүн келгени билдирилди.
2012-жылы өткөрүлгөн шайлоодо жеңилип калган Саакашвилинин «Бириккен улуттук кыймылы» 15-ноябрда Тбилисиде чоң митинг өткөрдү. Парламенттин астында өткөрүлгөн митингге Киевден Саакашвили, абактан эски премьер-министри Вано Мегабишвили кайрылуу жолдоду. Митингге катышкандар Орусия менен Грузиядагы бийлик өкүлдөрүн сындашты.
Грузиядагы саясий кризистен улам коомчулуктун көңүлү эски өкмөт башчы Бирзина Иванишвилиге бурулду. Иванишвили акыркы күндөрү массалык маалымат каражаттарына репортаж, билдирүүлөр берип саясатка кайтпай тургандыгын ачык айтып чыкты.
Премьер-министр Гарибашвили өлкөдөгү абал тууралуу билдирүүсүндө, Грузияда бардык нерсенин жайында экендигин, өкмөттө кээ бир орун алмашуулардын гана болгонун айтып өттү. Грузиянын лидерлеринин жолугушуу программаларында өзгөрүүлөр болгон жок. Түркия Парламентинин Спикери Жемил Чичек 3-ноябрда Тбилисиге расмий иш сапары менен барып Грузия лидерлери менен жолугушту. Премьер-министр Гарибашвили 12-ноябрда эки күндүк расмий иш-сапар менен Казахстанда болду. Гарибашвили 17-ноябрь күнү НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолугушту. Грузиянын Спикери Давид Усупашвили 16-ноябрда расмий иш-сапары менен Нидерландияга барды.
Урматтуу окурмандар, «Грузия кыялы» коалициясы парламенттеги партияларга мүчө эмес депутаттарды катарына кошуу аркылуу коалиция үчүн керектүү санды азырынча камсыз кылды. Бирок бул коалициянын бекем сакталып калаарын айтуу кыйын. «Грузия кыялы» коалициясына кирген Республика партиясы өкмөт башчысынын башын оорутушу толук ыктымал. Республика партиясынын мүчөсү болгон Парламенттин спикери Усупашвили Грузияда саясий кризис бар экендигин ачык эле айтып чыкты.
Негизи «Грузия кыялы» коалициясындагы пикир келишпестиктер ноябрь айында башталган эмес. Президент Маргвелашвили менен Өкмөт башчы Гарибашвили башынан бери эле бири-бири менен тил табыша албай келүүдө. Өкмөт башчы президенттин Европа Биримдиги менен интеграция келишимине кол коюу үчүн Брюсселге жана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынына катышуу үчүн Америкага барышына тоскоол болду. Бул окуялар өлкөдөгү саясий атмосферага терс таасирин тийгизди.
Мындан сырткары сентябрь айында өлкөнүн эски президенти Саакашвилинин мал-мүлкү конфискацияланып, прокуратура Саакашвилини Интерпол аркылуу издөөгө берди. Саакашвилинин санаалаштары азыркы бийлик тарабынан күнөөлөнүп камактарда отурушат.
Орто Азияда Кыргызстан, Чыгыш Европада Украина, Кавказда Грузия батыш моделиндеги демократияны өлкөлөрүнө алып келүүнү каалашкандыгы үчүн чоң мамлекеттер тирешкен аймакка айланды. Бул чоң оюнчулар аты аталган мамлекеттерден кеткиси келбегендиктен бул мамлекеттерде саясий туруксуздуктар уланууда. Бул саясий туруксуздуктар чоң оюнчулар өз ара келишкенге чейин улана береби?...
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар