Евразияга сереп салуу-39

Түркия-Орусия мамилелери.Евразияга сереп салуу.

145516
Евразияга сереп салуу-39

Урматтуу угармандар. Азыр сиздер «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Түркия-Орусия мамилелеринин акыркы учурдагы абалы тууралуу сөз кылабыз.

Украина кризиси жана батыштын Орусияга жасаган санкциялары, Крымдагы татарлардын келечеги, НАТО-Орусия мамилесинин бузулушу, ИШИМге каршы күрөшүү үчүн курулган коалициянын Сириядагы Асад режимине сокку уруу ыктымалына Орусиянын каршы чыгуусу сыяктуу регионалдык маселелер «Түркия-Орусия мамилелеринин соңку мезгилдеги абалы кандай?» деген суроону жаратып, Түркия-Орусия мамилелерине сереп салуубузга себепчи болду. Алгач эки тараптуу мамилелерге тиешелүү акыркы айларда болуп өткөн маанилүү окуяларга көз жүгүртөлү:
18-июль күнү Режеп Таййип Эрдоган Украинада кулаган «Малазия аба жолдоруна» тиешелүү учактын Орусия тарабынан атып түшүрүлгөнүн жарыялады. Учактын атып түшүрүлүшү боюнча адистердин маалымдамасы жакында жарыяланды. Бирок маалымдамада учактын ким тарабынан атып түшүрүлгөнү такталып айтылган эмес. Чынында массалык маалымат каражаттарында Эрдогандын билдирүүсүнө Орусиянын катуу териккени тууралуу маалыматтар чыкпады.
28-август күнү болуп өткөн Эрдогандын инагурациясына Орусиядан Думанын төрагасы Нарышкин баштаган делегация келди. Нарышкин эки өлкө ортосунда түрдүү тармактарда кызматташтык жасалып жатканын жана кээ бир тармактарда кызматташтыктын деңгээли стратегиялык кызматташтык абалында экендигин билдирип, декабрь айында Түркия- Орусия парламенттер аралык экономика, билим жана техника кызматташтыгы комиссиясынын чогулуусу жана «Түрк-орус коомдук форумунун» өткөрүлүшү мүмкүн экендигин жарыялады. Думанын төрагасы «Түрксат-4А» спутнигинин космоско учурулушунда Орусия менен Түркиянын кызматташканын да баса белгиледи.
16-сентябрда Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев Түркияга расмий иш сапары менен келди. Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчи менен жолугушкан Улюкаев эки өлкө арасындагы соодада улуттук валюталарды колдонуу боюнча макулдашышканын билдирди. Бул жолугушууну «тарыхый күн» катары баалаган Зейбекчи болсо, эки өлкө арасындагы соода кызматташтыгын 100 миллиард долларга жеткирүү максатына жетүү үчүн соода тармагындагы тоскоолдуктарды жоюу, бажы кызматтарын алып салуу, логистика тармагындагы көйгөйлөрдү чечүү, сертификат алуудагы чектөөлөрдү жоюу сыяктуу бюрократиялык маселелерди чечүү үчүн макулдашууга жетишишкенин билдирди. Министрлердин билдирүүлөрүнө караганда, Крымда эркин экономикалык аймак курулат жана Россия менен Түркиянын ортосунда логистика менен соода тармагында артыкчылыкты камсыз кылган келишимге кол коюлат.
Түркия статистика комитети менен Бажы жана соода министрлиги тарабынан биргелешип даярдалган тышкы соода статистикалык маалыматтары боюнча, Түркиянын импортунда Россия биринчи орунга чыкты. 2014-жылдын июль айында Орусиядан 2 миллиард 152 миллион доллардык товар импорттолду.
17-сентябрь күнү Крымда өткөрүлгөн жергиликтүү бийликке шайлоолор боюнча Түркиянын тышкы иштер министрлиги: «Түркия, Крым Автономиялык Республикасынын мыйзамсыз басып алынышын тааныбайт. Ушундан улам мамлекетибиз 14-сентябрда Крымда болуп өткөн жергиликтүү бийликке шайлоолорду да жараксыз деп эсептейт», - деди. Ошондой эле Түркия тышкы иштер министрлиги жергиликтүү бийлик тарабынан акыркы учурда Крым татарларынын парламентине жасалып жаткан кысымдардын көңүл түйшөндүрүүчү экендигин билдирип, бул иш-аракеттерге тезинен тыюу салынышына үндөдү.
Түркия- Орусия ортосунда маданий кызматташтык да өнүгүүдө. «Изник урма-үйлөмө аспаптар ансамбли» 30-августтан 7-сентябрга чейин Кызыл аянтта өткөрүлгөн Эл аралык «Спасская басня» аскердик музыкалык фестивалына катышышты. 18-сентябрда Санкт- Петербургда өткөрүлгөн 27-эл аралык адабият симпозиумунда Орусия жана Түркия адабияты талкууланды.
Түркия маданият жана туризм министрлигинин маалыматы боюнча, бул жылы Орусия Түркияга келген туристтин саны боюнча Германиядан озуп биринчи болду.


Жогорудагы окуялардан байкалгандай эле Түркия- Орусия мамилелери региондогу окуялардан таасирленип өз нугунда илгерилөөдө. Батыш тарабынан Орусияга киргизилген санкциялардан Түркиянын канчалык даражада жаңы мүмкүнчүлүктөр жарата алганын азырынча биле албаганыбыз менен бул абалдан Түркиянын экономикалык пайдаларга ээ боло тургандыгы айкын. Ушуну менен катар Түркиянын Орусияга санкция жарыялабай тургандыгын да белгилей кеткенибиз оң. Орусияга киргизилген санкциялардан качкан орус миллионерлерин Түркияга тартуу үчүн бир курулуш фирмасы Стамбулда орустарга ылайыкташтырылган «Рускент» шаарчасын курууну пландаганын жарыялады.
Саясий серепчилер Орусия -Түркия мамилелерине сереп салышканда эки өлкөнүн президенттеринин окшош жактары боюнча да көп сөз кылышчу. Түркиянын премьер-министрлиги кызматына Давутоглу келди. Ушундан улам бул жылдын аягында өткөрүлүшү пландалган Түркия- Орусия Стратегиялык кызматташуу кеңешинин жыйынына кимдин төрагалык кылаары кызыгуу жаратууда. Анткени Түркия-Орусия мамилелеринин өөрчүшүндө Эрдоган-Путин фактору маанилүү роль ойногону баарыбызга маалым. «Бул кызматташтык келечекте ушул темпте уланабы?» деген суроо жаралат.
Эки тараптуу мамилелерден сырткары Жакынкы Чыгыш аймагындагы окуяларда Түркиянын кандай позицияда боло тургандыгы да Түркия- Орусия мамилелерине таасирин тийгизчүдөй көрүнөт. Кыскачасы, Түркия- Орусия мамилелеринде кээ бир олку-солкулуктар болсо да эки тараптуу мамилелердин өнүгө берээрин айтсак болот.
Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар