Евразияга сереп салуу-38

Евразияга сереп салууда Шанхай Кызматташтык Уюмунун Саммити.

134668
Евразияга сереп салуу-38

Урматтуу угармандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Тажикстанда болуп өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити тууралуу сөз кылабыз.
Шанхай Кызматташтык Уюмунун 14-саммити 11-12-сентябрь күндөрүндө Тажикстандын борбору Душанбеде жайгашкан Нооруз кан сарайында болуп өттү. Саммитке Орусия, Казахстан, Кыргызстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстандын лидерлери катышышты. Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани, Монголиянын президенти Цахиагийн Элбегдорж, Афганистандын президенти Хамид Карзай менен Индиянын тышкы иштер министри Сушма Сварадж байкоочу катары саммитке келишти. Түркмөнстандын президенти Гурбангули Бердимухамедов сыйлуу конок катары саммитке катышты. Саммиттен чыккан эң маанилүү чечим катары уюмдун мындан ары кеңейишине лидерлердин уруксат берүүсү болду десек жаңылышпайбыз.
Душанбе шаарында болуп өткөн саммит дүйнөлүк саясатта оомал-төкмөл күндөр болуп жаткан учурга туш келди. Мүмкүн ушундай абалдан улам уюмдун лидерлери Шанхай Кызматташтык Уюмуна жаңы мүчөлөрдү кабыл алууну туура көргөн келишимге кол коюшту. 2015-жылдын июль айында Уфада боло турган уюмдун келээрки саммитинде Индия менен Пакистан Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө боло алышат. Казахстан Президенти Нурсултан Назарбаев, Ирандын атомдук энергия маселеси боюнча Тегеран 5+1 мамлекеттери менен октябрь айына чейин макулдашууга жетишсе бул өлкөнүн да Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болушу мүмкүн экендигин билдирди.
Саммиттин аягында Душанбе декларациясына кол коюлду. 19 беренеден турган декларацияда, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттер Украинада кыска убакытта тынчтыктын орношун каалашары жана Украина кризисинин түп тамырынан чечилиши үчүн тараптардын диалогунун уланышын жакташаары билдирилди.
Декларацияда Сирия кризисинин саясий жана дипломатиялык жолдор менен баардык тараптардын өкүлдөрү катышкан жолугушуулар аркылуу чечилүүсү үчүн кайрылуу жасалды. Декларацияда ошондой эле Афганистандагы кырдаалга да баа берилип, Афганистандагы маселелердин чечилишинде Бириккен Улуттар Уюмунун алдыңкы планда болушун каалашканы баса белгиленди.
Саммитте Шанхай Кызматташтык Уюмунун кезектеги төрагалыгы Тажикстандан Орусияга өттү. Орусиянын президенти Путин Орусиянын төрагалыгы мезгилинде алып барыша турган иш-чаралары тууралуу, «Эң биринчи жасай турган ишибиз Шанхай Кызматташтык Уюмунун регионалдык коопсуздук маселесиндеги позициясын чыңдоо, эл аралык экономикалык долбоорлорду өнүктүрүү, маданий жана гуманитардык кызматташтыкты бекемдөө, аймактык жана глобалдык маселелерде орток позициябыздын болушун камсыз кылуу менен бирге уюм үчүн жаңы стратегиялык план даярдоо болмокчу»-деди.
Саммитте эл аралык логистика үчүн ыңгайлуу шарттардын түзүлүшү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюлду. Бул келишим Жибек Жолу долбоорунун жанданышы, уюмга мүчө мамлекеттер арасында соода алакасынын өнүгүшү үчүн аябай маанилүү.
1996-жылы Кытайга кошуна мурдагы Советтер Союзуна мүчө мамлекеттер менен Пекиндин ортосундагы маселелерди чечүү максатында курулган Шанхай Кызматташтык Уюму, азыркы учурда жайгашкан орду, калкынын саны боюнча эл аралык аренадагы маанилүү уюмдардын катарында. Уюмдун байкоочу мүчөлөрү эгер уюмга толук кандуу мүчө боло турган болсо дүйнө саясатында маанилүү өзгөрүүлөр болуп кетиши ыктымал. Батыш Орусияга санкция киргизген сайын Шанхай Кызматташтык Уюму сыяктуу эл аралык уюмдар позицияларын чыңдоодо. Орусия уюмдун төрагалыгы кызматын тышкы саясатында активдүү колдонот десек болот.
Түркмөнстандын президенти Бердимухамедовдун саммитке сыйлуу конок катары катышуусу Түркмөнстандын тышкы саясатынын өзгөрө баштаганын жана мындан ары Түркмөнстандын регионалдык маселелерге кайдыгер карабай тургандыгын билдирет.
Өзбекстандын президенти Каримов саммитте сүйлөгөн сөзүндө Украина маселесинде Орусиянын кызыкчылыктарын да эсепке алуу керек экендигин билдирди. Бул жерден батыш өлкөлөрү жана Кытай менен мамилелерин чыңдаган Өзбекстандын Орусия менен да мамилелерин жогорку деңгээлге чыгаргысы келгенин байкоого болот.
Саммиттин алкагында лидерлер арасында эки тараптуу жолугушуулар да болду. Ал гана эмес биринчи жолу Орусия, Кытай жана Монголиянын лидерлери үч тараптуу жолугушуу өткөрүштү. Бул жолугушуунун максаты Сибирь аймагынын иштетилиши, аймактагы Орусия-Кытай кызматташтыгына Монголиянын да кошулушу десек болчудай.
Саммиттин алкагында Кытай менен Тажикстан стратегиялык кызматташтык боюнча келишимге кол коюшту. Бул келишим аркылуу Кытай Орто Азиядагы баардык мамлекеттер менен жогорку деңгээлде кызматташа турган өлкө болуп калды. Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпин саммитте уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоо максатында 5 миллиард доллар насыя бөлө тургандыгын билдирип «Кытай-Евразия» экономикалык кызматташтык корун курууну сунуш кылды. Кытай уюмга мүчө мамлекеттерге берген экономикалык жардамдарынын натыйжасын эмитен ала баштады.
Батыштын санкцияларынын натыйжасында уюмдун ичиндеги конкуренция экинчи планга түшүп, байкоочулардын толук кандуу мүчө болушу үчүн мүмкүнчүлүк жаралды. Батыштын Афганистандан толугу менен чыгып кетүүсү Шанхай Кызматташтык Уюмунун келечеги жана миссиясы үчүн сыноо болчудай.
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар