Евразияга сереп салуу-36

Түркиянын Евразия саясаты.

117169
Евразияга сереп салуу-36

Урматтуу угармандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында жаңы башкаруучуларын шайлаган Түркиянын Евразия саясаты тууралуу сөз кылабыз.
Август айынын аягында Түркиянын жетекчилери алмашты. Түркиянын президенти, премьер-министри жана тышкы иштер министри жаңы кызмат орундарында ишке киришишти. Ушундан улам Түркиянын Евразия боюнча саясатынын мындан кийин кандай болооруна сереп салалы.
Өткөн жума болуп өткөн Президент Эрдогандын инагурациясына 90дон ашуун өлкөнүн өкүлдөрү келишти. Ондогон эл аралык уюмдун өкүлү, президенттер, спикерлер, премьер-министр жана министрлер Эрдогандын инагурация аземине катышышты. Чет өлкөдөн келген меймандардын көпчүлүгү Түркиянын жакын жана узак кошуналары, башкача айтканда Түркия тышкы саясатта таасирдүү болгон Жакынкы Чыгыш, Балкан, Африка жана Евразия аймагынан келишти. Түркиянын мындан ары кандай тышкы саясат жүргүзө тургандыгын инагурацияга келген меймандарга карап билсек болчудай.
Евразия аймагындагы өлкөлөрдүн дээрлик баардыгы Эрдогандын инагурациясына өкүл жиберишти. Келген өкүлдөрдүн көпчүлүгү жогорку даражалуу меймандар эле. Казахстан, Түркмөнстан жана Молдованын президенттери келишти. Украина Президенти Порошенко өлкөсүндөгү курч абалдан улам инагурацияга келбей калды. Инагурацияга Жогорку Кеңештин төрагасын жиберген Кыргызстандын Президенти Атамбаев, Эрдоган шайлоодон жеңип чыккан 10-август күнү Анкарада болчу. Инагурацияга парламенттин спикерин жиберген Азербайжандын президентинин Анкарага келбешинин себеби бар болчу. Анткени Эрдоган 1-3-сентябрь күндөрү президент катары чет өлкөгө алгачкы расмий иш сапарын Түндүк Кипр Түрк Республикасы менен Азербайжанга жасады. Грузия, Беларусия жана Тажикстан инагурацияга премьер-министрлерин жиберишти.
Түркия менен мамилелеринде проблема болгон Евразия аймагындагы өлкөлөрдөн Армения менен Өзбекстан инагурацияга тышкы иштер министрлерин жиберишти. Түркия акыркы учурда бул мамлекеттер менен мамилелерин оңдоону көздөөдө. Түркиянын жаңы премьер-министри болуп шайланган Давутоглу июль айында тышкы иштер министри кызматында турганда Өзбекстанга расмий иш сапар менен барган болчу. Бул эки өлкө келечекте мамилелерин чыңдашы мүмкүн. Армениянын тышкы иштер министри Налбандян инагурацияга келген учурунда Эрдоганды 2015-жылы Арменияда боло турган армяндардын сүргүнгө айдалышынын 100 жылдыгы боюнча иш-чарага чакырып кетти. Түркия-Армения мамилелеринин 2015-жылы кандай болоорун чогу көрөбүз.
Евразиянын күчтүү өлкөсү болгон Орусия инагурацияга тышкы иштер министри Лавров баштаган делегациянын катыша турганын жарыялаган болчу. Кийинчерээк инагурацияга катыша турган делегацияны Орусия Мамлекеттик Думасынын спикери Нарышкиндин жетектей тургандыгы белгилүү болду. Нарышкин үстүбүздөгү жылдын 27-февралында Түркияга расмий иш сапары менен келип кеткен болчу. Россиянын инагурацияга Дума спикерин жибериши, эки өлкө мамилелеринин жогорку деңгээлде уланышына Орусиянын кызыкдар экендигин көрсөтүп турат. Мындан сырткары, инагурацияга Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы Мезенцев да катышты.
Президент Эрдоган менен премьер-министр Давутоглу кызматтарына баштап жатып Түркиянын тышкы саясатында Европа Биримдигине мүчөлүк жана батыш өлкөлөрү менен байланыштардын приоритеттүү тармактар боло тургандыгын баса белгилешти. Жаңыдан куралган 62-Өкмөттүн Европа Биримдиги боюнча министри болуп тажрыйбалуу дипломат Волкан Бозкыр дайындалды. Тышкы иштер министри болуп дайындалган Мевлүд Чавушоглу болсо батыштагы эл аралык уюмдарда көптөгөн жылдар иштеп келген. Бирок, бул факторлорго карабастан Түркиянын тышкы саясатында Жакынкы Чыгыш, Кавказ, Балкан жана Африка аймактарынын биринчи орунда боло турганын белгилей кеткенибиз оң. Түркия лидерлеринин буга чейинки иш аракеттери, Германия, Англия жана Американын Түркияда тыңчылык кылгандыгы сыяктуу көптөгөн башка окуялар Түркиянын келечекте көбүн эсе өлкөнүн чыгышындагы мамлекеттер менен шугулданаарын көрсөтүп турат.
Жибек жолунун жандандырылышы, Каспий чөлкөмү жана Жакынкы Чыгыштагы кен-байлыктардын батышка жеткирилиши, Батыш-Орусия жоолашуусу натыйжасында пайда болгон мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануу, жалпылап айтканда өсүп келе жаткан Азия менен Европанын ортосунда көпүрө болуу үчүн Түркия Евразия башкача айтканда өлкөнүн чыгышында жайгашкан мамлекеттер менен тыгыз байланышта болушу керек.
Түркиянын экономика министри Нихат Зейбекчи июль айында Евразия Биримдиги менен эркин экономикалык аймак курууга кызыкдар экендигин билдирген болчу. Менин оюмча, Түркия алгач Грузия жана Азербайжан менен биргелешип эркин экономикалык аймак курууну ишке ашыруусу керек. Бул ишке ашса Түркия үчүн Евразиянын эшиги ачылат. Түркия кийинчерээк Евразия аймагындагы өлкөлөр менен эки тараптуу соодада улуттук валютаны колдонуу маселесин да көтөрсө болот.
Түркиянын Евразия аймагы менен жакындан кызматташуусун талап кылган башка бир фактор туугандарынын ошол аймакта жашаганы десек болот. Түрк кеңеши, ТүркПА, Түрксой, Түрк академиясы сыяктуу уюмдар азырынча толук кандуу иш алып барбай жатканы менен келечекте түрк тектүү мамлекеттер орток тышкы саясат көз карашын калыптандырып, эл аралык аренада бири-бирине колдоо көрсөтө алышат. Түркиянын тышкы иштер министри Чавушоглу Евразия аймагын жакындан тааныган саясатчы.
Кыскача, жаңы президент, жаңы премьер-министр жана жаңы тышкы иштер министри шайланган Түркиянын тышкы саясатында Евразия аймагы биринчи даражадагы приоритеттүү аймак болбосо да Түркиянын Евразия аймагы менен болгон мамилелерин дагы да чыңдайт десек жаңылышпайбыз.
Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар