Евразияга сереп салуу-34

Евразия өлкөлөрүнүн лидерлеринин өз ара мамилелери.

101818
Евразияга сереп салуу-34

----
Урматтуу окурмандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Евразия өлкөлөрүнүн лидерлеринин өз ара мамилелери тууралуу сөз кылабыз.
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин 10-августта Түркияда өткөрүлгөн президенттик шайлоодон жеңиш менен чыккан Режеп Таййип Эрдоганды Анкара шаарында жайгашкан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын митингинде куттуктап сөз cүйлөгөнү коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды. Атамбаевдин балконго чыгып сүйлөгөнү твиттер тармагын да «титиретип» жиберди. Интернет баракчаларында Атамбаевдин бул иш-аракетин катуу сындагандар менен кошо президенттин бул иш-аракетин колдогондор да болду. Атамбаевдин түрк тилинде калкка кайрылганы кээ бир жарандарды таң калтырса, кээ бирлери Атамбаевдин түркчө сүйлөгөнү менен сыймыктанышты.
Кыргызстандагы интернет колдонуучуларынын бир бөлүгү Атамбаевдин түркчө сөз сүйлөгөнүн сындап чыгышты. Президенттин карыз алганы барганын, эгер Кыргызстанда жаңы төңкөрүш боло турган болсо президенттин кача турган жеринин белгилүү болгонун жазгандар да болду. Президент Атамбаевдин өлкөдөгү маселелер менен алектенбей чет жерде жүргөнүн сындагандар, анын Казахстан, Өзбекстан жана Тажикстан лидерлерине да Анкарада сүйлөгөн «Жашасын достугубуз» сөзүн колдонуп, бул өлкөлөр менен мамилелерди чыңдоосун суранышты. Атамбаевдин куттуктоо сөзүн Түрк биримдигинин чыңдалышына салым кошууда деп баалагандар да болду. Бир тууган калк болсо да эгемендүү өлкөнүн президентинин башка өлкөдө шайлоодон жеңиш менен чыккан кишини мындай формада куттуктоосун туура көрбөгөндөр болгондой эле, Атамбаевдин бул иш-аракетин дипломатиялык жеңиш катары баалагандар да бар эле.

Атамбаевдин Анкарада балконго чыгып сөз сүйлөгөнү практикада көп учурабаган саясий окуя болуп калды. Атамбаевдин сүйлөгөн сөздөрүнүн маңызы кандай болгон күндө да, мындай окуя келечекте Евразия өлкөлөрү лидерлери тарабынан туура бааланып колдоого алынышы жана саясат тарыхынын барактарына кириши мүмкүн. Региондо жарандык согуштардын болбошу, аймактын өнүгүшү, мамлекеттер ортосундагы маселелердин чечилиши жана бекем регионалдык биримдиктин түзүлүшү үчүн Евразия өлкөлөрүнүн лидерлеринин ушул сыяктуу иш-чараларга муктаждыгы бар.

Урматтуу окурмандар, Евразия өлкөлөрүнүн лидерлери арасында бири-бирине орой сөз сүйлөө, таарынышуу сыяктуу мисалдар, жакын кызматташып жатышат дегенге салыштырмалуу көп учурайт. Тактала элек чек аралар, суу, газ сыяктуу темалардагы көйгөйлөрдөн улам Евразия лидерлери чыныгы достук мамиледе боло албай келишет. Негизи бул өлкө лидерлеринин көпчүлүгүнүн жаштары чамалаш. Түркиянын лидерлерин эсепке кошпосок, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештиги өлкөлөрүнүн лидерлери бир нуктагы билим жана идеология менен тарбияланышкан. Бирок бул абал алардын бири-бири менен ыкластуу мамиле курушуна аздык кылууда. Бул жерде 1990-жылдан кийин дүркүрөп өскөн тар улутчулдуктун да таасири болушу мүмкүн. А балким чындап эле өлкөсүнүн кызыкчылыгы үчүн кошунасы менен урушуусу керек болгон. Балким шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн шартка жараша ушундай жолдо илгерилеши керек эле.
Албетте, Евразия өлкөлөрү эгемендүү, өз тагдырын өздөрү чече ала турган мамлекеттер болуп саналат. Бирок жеке өздөрү регионалдык жана глобалдык маселелерди чечкенге күчтөрү жетпей тургандыгы да белгилүү. Батыштан кабыл алынган тар улутчулдук жана президенттик башкаруу системасы бул маселелерди чечүүдө чабалдык кылууда. Лидерлер ортосунда же мамлекеттер арасында чечилбеген маселелер болгондуктан, ортого чыккан көйгөйлөрдү чечүү үчүн эл аралык уюмдарга кайрылышууда. Эгер кошуна же тууган өлкө лидерлери ортосунда чыныгы жакын мамиле болгондо мындай маселелер оңой эле чечилип калмак.
Түркия өкмөтү тарабынан акыркы жылдарда жигердүү колдонулуп келе жаткан Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңеши бул маселелердин чечилиши үчүн мыкты кызмат кылчудай. Бул кеңеш өлкө лидерлеринин бири-бири менен бат-баттан байланышып, эки өлкө ортосундагы маселелердин өз ара чечилишине жана лидерлер ортосунда жакын мамилелердин курулушуна, бири-бирилерине болгон ишенимдин артышына салым кошмокчу. Мындай жакын мамиле глобалдык күчтөр же болбосо үчүнчү тараптын атайын кийлигүүшүсү болбосо оңой менен бузулбайт.
Максаттуу кийлигүүшүлөрдүн алдын алуу үчүн болсо регионалдык күчтүү тилектештик жана ынтымак керек. Евразияда же болбосо Орто Азияда күчтүү регионалдык биримдик куруу үчүн биринчи иретте аймактагы өлкөлөр арасында эки тараптуу чыныгы түбөлүк достукка таянган мамилелер болушу керек. Мындай жакын мамиле курууда өлкө лидерлеринин аябай зор роль ойной тургандыгын 20 жылдык өтмүшүбүздөн жакшы билебиз.
Атамбаевдин Анкарада сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин, Түркия Президенти болуп шайланган Эрдоган Кыргызстандагы жана аймактагы мыкчыгерлерди тааныткан «Ким кимдир?» сайтына киргизилди. Бул жерде Эрдоган сайтка киргизилген алгачкы түркиялык саясатчы катары маанилүү. Башкача айтканда Атамбаевдин Анкарада сүйлөгөн сөздөрү себепчи болуп, аймактагы алкак кеңейди. Бул чакан гана бир мисал. Мүмкүн келечекте буга окшогон окуялар мындан чоң ийгиликтерге себепчи болоор.
Программаны даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар