Евразияга сереп салуу-30

БИРИКС жыйыны.

72571
Евразияга сереп салуу-30

Урматтуу окурмандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Бразилияда болуп өткөн БРИКС жыйыны тууралуу сөз кылабыз.
Кадырлуу окурмандар, БРИКС- Бразилия, Россия, Индия, Кытай жана Түштүк Африка мамлекеттери тарабынан курулган. Уюмдун аты, жогоруда аты аталган мамлекеттердин баш тамгаларынан куралган. Уюмдун 6-жыйыны 14-16-июль күндөрүндө Бразилияда болуп өттү. Көп полярдуу дүйнө системасынын курулушун жактаган жана азыркы дүйнө системасынын адилеттүү эмес экендигин билдирген БРИКСке мүчө мамлекеттердин бул саммитинин негизги темасы өнүгүү банкын түзүү болду. Жыйында дүйнөдөгү азыркы кризистер да каралды. Кыскача айтканда жыйындан батышка каршы биргелешип иш алып баруу чечими чыкты десек болчудай.
БРИКС лидерлери бул жыйында уюмду күчтөндүрө турган жаңы өнүгүү банкын расмий түрдө түзүштү. Бул банктын келечекте Дүйнө Банкы жана Эл аралык Валюта Фондуна альтернатива болушу күтүлүүдө. БРИКС өнүгүү банкы дүйнөдөгү эң чоң көп тармактуу финансы мекемеси болушу толук ыктымал. БРИКС Өнүгүү банкынын кийинки жылдан тартып иштей баштай турганы айтылды. Банк 100 миллиард доллар валюта резерви менен иштей баштамакчы. 100 миллиард доллардын 41 миллиардын Кытай, 18 миллиарддан Бразилия, Индия жана Россия, 5 миллиардын болсо Түштүк Африка мамлекетинин бериши пландалууда. Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттер БРИКС Өнүгүү банкына энчилеш боло алышат. Бирок БРИКСке мүчө мамлекеттердин банктагы үлүшү эч качан %55 пайыздан аз болбойт. БРИКС Өнүгүү банкынын негизги кеңсесинин Шанхайда, регионалдык офисинин Түштүк Африкада боло тургандыгы, алгачкы төраганын Индиядан дайындала тургандыгы билдирилди. Банк биринчи иретте өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин инфраструктура жана жаңылануу долбоорлорун каржыламакчы. БРИКСке мүчө мамлекеттердин өнүгүү банкын куруу пикири алгачкы жолу 2012-жылы айтылып, өткөн жылы Түштүк Африкада болуп өткөн 5-жыйында макулдашылган эле.
БРИКС жыйынында Украинадагы абал дагы талкууланды. Жыйында кабыл алынган декларацияда Украинада тараптардын баарын ичине камтыган диалогдун баштатылышы жана маселени тынчтык жолдор менен чечүүнүн ыкмаларын издөөгө чакыруу жасалды.
Декларацияда БРИКСке мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода жана кызматташтыктын өнүктүрүлүшү керек экендиги баса белгиленди. Жаңы иш тармактарынын ачылышы жана өнүгүүнү үзгүлтүккө учуратпоо үчүн инвестиция салуунун маанилүү экендиги билдирилди. Технология тармагында тажрыйба алмашуу жана инновациянын ар дайым уюмдун алдыңкы пландагы маселелери боло тургандыгы айтылды. Бразилиянын чакыруусу менен Латын Американын мамлекет башчылары саммиттин жабылыш жыйынына катышышты.
Урматтуу окурмандар, БРИКСтин 6-жыйынында жасаган кадамдарына карап өнүгүп жаткан 5 мамлекеттин азыркы дүйнө системасына ыраазы эмес экендигине күбө болдук. Доллардан кутулууну жана батыштагы мамлекеттердин таасири астындагы банк жана валюта фонддору менен кызматташууну токтотууну көздөгөн БРИКСке мүчө мамлекеттер өздөрүнүн өнүгүү банкын түзүштү. Буга чейин деле бул мамлекеттер өз ара соода кызматташтыгында өздөрүнүн валюталарын колдонууга аябай маани берип келишкен.
Саммиттин астында Россия жана Кытай лидерлеринин Латын Америка өлкөлөрүн зыярат кылуусу, аймактагы экономикалык блок болгон Меркосурдун да бул банк долбоорунун ичинде экендигин айгинелеп турат. Банктын аймактык офисинин Түштүк Африкада курула тургандыгы Африка мамлекеттерин да бул долбоорго тартуу үчүн болсо керек.
Дүйнөлүк Соода Уюму тарабынан өткөн жылы кабыл алынган Бали келишимине БРИКСтин колдоо көрсөтүүсү глобалдык сооданын өзгөрүүгө учурай тургандыгынан кабар берип тургандай. БРИКС инфраструктуранын өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү, үчүнчү мамлекеттер менен биргелешип иш алып баруу аркылуу жаңы иш мүмкүнчүлүктөрүн жаратууга аябай маани берүүдө жана булардын келечекте чоң өзгөрүү жарата тургандыгына ишенүүдө. Азыркы күндө БРИКСке мүчө мамлекеттер 5.2 триллион доллардан көп резервге ээ. Жаңы өнүгүү банкы жана Квота боюнча келишим БРИКСтин алгачкы олуттуу кадамдары болуп калды . Бул иш-чаралар келечекте дүйнөнүн өзгөрүшүнө таасир кыла турган кадамдар болуп калышы толук ыктымал.
БРИКС келечекте технология тармагында тажрыйба алмашуу, коргонуу өнөр жайы жана коопсуздук, уюмга тиешелүү университет желесинин курулушу сыяктуу маселелерде кызматташтыкты күчтөндүрүү үчүн чечим кабыл алышты. Бул долбоорлор менен бирге БРИКСтин дүйнө экономикасындагы ордун бириктирип карай турган болсок, уюмдун келечекте эмнелерди жасай ала тургандыгы дагы ачык көрүнчүдөй. Кыскача, Америка лидерлик кылган дүйнө системасын жактырышпаган, көп полярдуу дүйнө системасынын болушун каалаган бул өлкөлөр сөздөн ишке өтүштү. Бул иш-чаралардын дүйнөнү канчалык деңгээлде өзгөртүп, канчалык ийгиликке ээ болоорун убакыт көрсөтөт.
Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар