Евразияга сереп салуу-29

Ахмет Давутоглунун Өзбекстанга жасаган иш сапары.

65250
Евразияга сереп салуу-29


Урматтуу окурмандар. «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Ахмет Давутоглунун Өзбекстанга жасаган иш сапары жана Түркия-Өзбекстан мамилелери тууралуу сөз кылабыз.
Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу 10-12-июль күндөрүндө расмий иш сапары менен Өзбекстанда болду. Түркиянын тышкы иштер министринин Өзбекстанга 13 жылдан кийин жасаган иш сапарын тарыхый окуя десек жарашат. Давутоглунун иш сапары келечекте эки тараптуу сапарлардын жасалышына өбөлгө боло турган болсо, Түркия-Өзбекстан кызматташтыгы эки тараптуу жана регионалдык маселелердин чечилиши, түрк тектүү мамлекеттердин эл аралык аренадагы аброюн жогорулатуу сыяктуу көптөгөн маселелерге пайдасы тийчүдөй. Алгач эки өлкө кызматташтыгына кыскача сереп салалы.
Түркия 1991-жылдын 16-декабрында Өзбекстандын эгемендүүлүгүн алгачкылардан болуп тааныган. Ал кезде эки өлкө ортосундагы мамилелер аябагандай эле жакшы болгон. Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ар кыл себептер менен Түркияга 10 жолу келип кеткенге үлгүргөн. Түркиянын президенттеринен Тургут Өзал, Сулайман Демирел жана Ахмет Неждет Сезер да Өзбекстанга иш-сапары менен барышкан. Эки өлкөнүн премьер-министрлери да 6 жолу жолугушкан.
Өзбекстандын оппозициясынын Түркиядан саясий башпаанек табышы эки өлкө мамилелеринин бузулушуна себеп болгон. Ушундан улам Түркияга окууга келген миңдеген өзбекстандык студенттер артка кайтууга мажбур болушкан. Түркиянын Өзбекстандагы окуу жайлары жабылган. Андижан окуясынан улам Түркия Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттер менен бирге Өзбекстанды айыптаган. Бул окуядан кийин мамилелер аябагандай эле бузулду. Өзбекстандагы талааларда жаш балдардын иштетилишинин сынга алынышы Өзбекстандын да чыдамын кетирген. Ошол окуялардан кийин өлкөдөгү түрк ишкерлер аябай оор кысымдарга дуушар болушту. 2012-жылдын 22-февралында Өзбекстанда түрк сериалдарынын көрсөтүлүшүнө тыюу салынды. Чынында Өзбекстан түрк сериалдарынын көрсөтүлүшүнө тыюу салган жалгыз түрк тектүү мамлекет эмес.
Түркия-Өзбекстан мамилелеринин начар болушу Түрк кеңеши, ТүркПА сыяктуу эл аралык уюмдарга чоң залакасын тийгизди. Эгер Өзбекстан бул уюмдардын куруучусу же эч кур дегенде мүчөсү болгондо бул уюмдар алигиче дагы мыкты абалда болушмак.
Өзбекстан бир гана бул уюмдардан узак турбады. Россиянын аймактагы интеграция көздөгөн уюмдарына да көп жакындаган жок. Россиянын региондогу мамлекеттер менен кызматташтыгын өнүктүрүүсү жана Бишкекте жайгашкан Ганси авиабазасынын бошотулушу, Өзбекстандын батыш мамлекеттери менен кызматташтыкты чыңдоосуна себеп болду. Батыш мамлекеттери тарабынан айыпталган Андижан окуясы унутулду. Бул окуяларга паралель Түркия-Өзбекстан мамилелери да оңоло баштады.
Алгач Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглу менен Өзбекстан тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 2012-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун жыйынында жолугушуу өткөрүштү. Давутоглунун Өзбекстанга иш сапары боюнча маселеси биринчи жолу ушул жолугушууда көтөрүлдү. Ошол эле жылдын ноябрь айында Түркиянын ошол учурдагы маданият жана туризм министри Эртугрул Гүнай Өзбекстанга иш сапары менен барып келди. 2014-жылдын башында Сочидеги Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылыш аземине барган Түркиянын премьер-министри Режеп Таййип Эрдоган ал жерде Өзбекстандын президенти Ислам Каримов менен жолугушту. Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери акыркы жолу май айында Шанхайда болуп өткөн Азияда өз ара кызматташуу жана ишеним орнотуу кеңешмесинде пикир алмашышты.
Эки өлкө ортосунда 90дон ашуун келишимге кол коюлган. Түркиянын Экономика министрлигинин маалыматтары боюнча 2013-жылы Түркиянын Өзбекстанга жасаган экспорту 563 миллион доллар, импорту болсо 815 миллион долларды түзгөн. Эки өлкө 1.379 миллиард доллар болгон соода алакасын 3 миллиард долларга чыгарууга кызыкдар. Албетте бул суммага жетүү үчүн мамилелер стратегиялык кызматташтык деңгээлинде болушу шарт.
Давутоглунун Өзбекстанга жасаган иш сапары Түркиянын аймактагы бош алкагын толтурду десек жаңылышпайбыз. Түркия менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык мамилелер чыңдала турган болсо кээ бир эл аралык маселелерде бири-бирине көмөк көрсөтүп, бири-бирин толуктап турмак. Түркиянын Өзбекстандагы элчиси Намык Гүнер Эрпул үстүбүздөгү жылдын башында Түркиянын Бириккен Улуттар Уюмунун коопсуздук кеңешине эки жылда алмашып туруучу мүчөлүк талабын Өзбекстандын колдой тургандыгын билдирди.
Россиянын аймактагы интеграция долбоорлоруна каршы чыккан Өзбекстандын, батыш менен жакындаша баштаганын айтып чыккандар бар. Негизи Андижан окуясын эсепке албай турган болсок НАТО-Өзбекстан мамилелери ар дайым жакшы болгон. НАТОнун аймактагы жалгыз кеңсеси жакында эле Ташкентте ачылды. Бул жерде Афганстан факторун эске алуубуз керек. Давутоглунун иш сапарынын негизги максаты НАТОнун маселелери дегендер да болду. Бул пикирге толугу менен кошулууга болбойт. Анткени НАТО болбосо деле Түркия менен Өзбекстан бири-бирине керек экендигин, кызматташтык чыңдалса эки тарап да мындан пайда көрөөрүн жакшы билишет. Буга чейин Түркиядан Өзбекстанга иш-сапарлардын жасалганына күбө болдук. Эми кезек Өзбекстанда.
Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар