Евразияга сереп салуу-28

Крым татарларынын келечеги.

129300
Евразияга сереп салуу-28

Урматтуу окурмандар, «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразияга сереп салуу» программасында Крым жарым аралындагы акыркы окуялар жана Крым татарларынын келечеги тууралуу сөз кылабыз.
Кадырлуу окурмандар, Крым жарым аралы Россиянын территориясына кошулду, бирок Крымдын жергиликтүү калкы болгон татарлардын келечеги боюнча кооптонуулар жаралууда. Анткени Украинадагы маселелерден улам Крым дагы деле батыш менен Россия ортосунда талаш-тартыш жаратууда. Ал гана эмес татарлар өздөрү да ич ара ынтымактуу болбой экиге бөлүнүп алышты. Бир бөлүгү Россиянын таламын талашса, экинчи бөлүгү Украина жана батыш өлкөлөрүнүн таламын талашууда. Мындай абалда татарлардын келечегинин кандай болоору да белгисиз. Алгач Крым жарым аралындагы маанилүү окуяларга көз чаптыралы.
11-июнда Крым Республикасынын Парламенти жарым аралда парламенттик шайлоонун ушул жылдын 14-сентябрында өткөрүлө тургандыгын тастыктаган чечим кабыл алды. Крым Парламентинин спикеринин жардамчысы, «Крым татар улуттук курултайынын» мүчөсү Ремзи Ильязов «Крым татар улуттук курултайынын» парламенттик шайлоого катышпоо чечимине каршы шайлоого катышуу чечимин кабыл алды.
Татарлардын 23 жылдан бери Акмечиттин (Симфереполь) борборунда өткөргөн сүргүндө каза болгондорду эскерүү программасы быйыл шаардын четинде өткөрүлдү. Мындан сырткары татарлардын байрак күнү программасын шаар борборунда өткөрүүсү үчүн да руксат берилген жок.
24-июнь күнү таңкы саат 06.30да коопсуздук күчтөрү Булганак медресесинде издөө жүргүзүштү. 5 саатка созулган текшерүүнүн натыйжасында медреседен колго урунаарлык эч нерсе табылган эмес. Коопсуздук күчтөрү медресенин компьютерлерин алып кетишкен.
Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча комиссариатынын басма сөз катчысы Мелисса Флеминг 28-июнда Женевадагы офисинде журналисттерге берген брифингинде Крымдан качкандардын санынын 12 миңге, Украинадан Россияга качкандардын санынын 110 миңге жеткенин билдирди.
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясы 2-июлда Баку шаарында Украинанын ички иштерине кийлигишпөө жана Крымдын басып алынышын токтотуу боюнча билдирүү жасады.140 пункттан турган Баку декларациясында Украина маселесине аябай көңүл бурулуп Россиянын Крым менен Севастополду бошотуусу талап кылынды.
Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясы Украина маселесин чечүү үчүн Карабах маселесинде курулгандай «Баку тобун» куруу чечимин кабыл алды.
Херсон облусуна караштуу Геничешск шаарында 5-июлда өткөрүлгөн «Крым татар улуттук курултайынын» жыйынынан кайтып келе жаткан аталган курултайдын төрагасы Рефат Чубаровго 5 жылдык мөөнөткө Крымга кире албай тургандыгы чек арада билдирилди. Крым татарлардын улуттук лидери Мустафа Жемилоглуна да 3-майда 5 жылдык мөөнөткө жарым аралга кире албай тургандыгы боюнча прокуратурадан кагаз берилген болчу.
Херсон губернатору Юрий Одарченко 5-июль күнү 2500 татардын областына жайгашуу үчүн руксат сураганын билдирди.
Украина экология жана табигый байлыктар министри Андрей Мохник 5-июлда Украина өкмөтү тарабынан Крым жарым аралына кеткен каналдын сууусун бөгөй турган суу сактагыч курула турганын билдирди.
Украина деңиз жана суу байланышы комитетинин басма сөз кызматы Украинанын эң кыска убакта Крымдагы Кезлев, Керч, Акйар, Кефе жана Ялта портторун эл аралык байланышка жаба турганын билдирди.
Ошол эле күнү Россия Федерациясы Крымда Украина куралдуу күчтөрүнө тиешелүү болгон курал жарактардын Украинага өткөрүлүп берилишин токтотконун жарыялады.
Москвадан Ак Мечитке поезд сапарлары августь айынан баштап жүрө баштай тургандыгы да белгилүү болду.
Урматтуу окурмандар, акыркы окуялардан да белгилүү болгондой Крым толугу менен Россиянын территориясына кирди. Ортодо кыйналган татарлар эле болууда. Татарлардын бир бөлүгү Украинага көчө башташты. Бир бөлүгү Россиядан үмүтүн үзбөй орундарында отурушат. Бул жерде эң кейиштүү нерсе чоң мамлекеттер өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн аракет кылып жаткан мезгилде алакандай болгон Крым татарларынын лидерлери бири-бири менен жоолашып жатканы. Ынтымактуу болгондун ордуна жеке кызыкчылыктары үчүн баш аламандыктан пайдаланып калууга умтулуп жатышканы.
Крым татарлары ынтымакка келе албай жатса Түрк кеңеши, ТүркПА сыяктуу уюмдар аларды ынтымакка чакырышса жакшы болмок. Күзүндө боло турган парламенттик шайлоого татарлар экиге бөлүнүп кирбеши керек.
Түркияда, Өзбекстанда, Европанын ар кыл өлкөлөрүндө, Россиянын ар кыл аймагында жашаган Крым татарларды ата мекенине кайтаруу маселесин ойлонуунун ордуна Крымдагы татарлардын экиге бөлүнгөнүн сөз кыла турган болсок, 20-30 жылдан кийин Крым татарлары боюнча уламыштарды гана айтып калабыз го.
Программаны обого даярдагандар - Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.


Этикеткалар:

Тектеш кабарлар