Түрк республикаларынын эл аралык уюмдарынын ишмердиги-2

Евразия күндеми-15

2128024
Түрк республикаларынын эл аралык уюмдарынын ишмердиги-2

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Түрк республикаларынын эл аралык уюмдарынын акыркы айлардагы ишмердиги тууралуу кеп салабыз.

Буга чейинки программабызда Түрк Мамлекеттер Уюму менен ТүркПАнын акыркы айлардагы ишмердүүлүгүнө токтолгонбуз. Эми ТҮРКСОЙдун, Эл аралык түрк академиясынын жана Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун иш-чараларына көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 1-февраль күнү Түрк Мамлекеттер Уюмунун Аксакалдар кеңешинин төрагасы Бинали Йылдырым ТҮРКСОЙ кеңсесине барды. ТҮРКСОЙдун башкы катчысы Султан Раев менен Бинали Йылдырымдын жолугушуусунда түрк дүйнөсүнүн келечегине байланыштуу пландалган долбоорлор талкууланды.

13-февраль күнү Эл аралык түрк академиясы жана Лев Гумилев атындагы Евразия улуттук университети биргеликте Астанада 8 томдук түрк гуманитардык энциклопедиясынын бет ачаарын өткөрүштү. Түрк гуманитардык энциклопедиясы түштүк кореялык илимпоздор тарабынан даярдалган.

14-15-март күндөрү Баку шаарында Эл аралык Түрк академиясы, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду, Азербайжандын жана Түркиянын ЮНЕСКО комитеттери биргелешип уюштурган “Түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурастарын ЮНЕСКОнун көз карашы менен изилдөө жана коргоо” аттуу конференция болуп өттү. Конференцияга эл аралык түрк уюмдарынын жетекчилеринин баары катышты.

20-февраль күнү ТҮРКСОЙдун Башкы кеңсесинде Рауф Денкташтын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Жыйында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын негиздөөчү президенти Рауф Денкташтын сүрөтчүлүк, жазуучулук жана акындык сыяктуу түрдүү өнөрлөрү катышуучуларга жеткилең баяндалды.

21-мартта Анкарада Түрк дүйнөсүнүн искусство университеттери биримдигинин 3-жыйыны болуп өттү. Ректорлор Түрк дүйнөсү искусство университеттери биримдигинин кийинки жыйынынын Бакуда өткөрүлүшү боюнча макулдашышты.

21-22-март күндөрү Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фондунун төрайымы Актоты Райымкулова Францияда иш сапары менен болду. Актоты Раимкулова Парижде ЮНЕСКОнун жогорку даражалуу өкүлдөрү жана элчилер менен жолугушууларды өткөрдү.

 26-29-март күндөрүнүн аралыгында Түркмөнстанда “Анев-2024 түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” жылдык иш-чараларынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ачылышка түрк республикаларынын маданият министрлери, эл аралык түрк уюмдарынын башкы катчылары катышты.

Иш-чаранын алкагында эл аралык түрк уюмдарынын демилгеси менен 26-мартта “Түркмөнстанда туризмди өнүктүрүү багыты жана мүмкүнчүлүктөрү”, 27-мартта “Байыркы Анев цивилизациясы” жана 28-мартта “Түркмөн жери-Байыркы маданияттар борбору” аттуу эл аралык конференциялар, ошондой эле Эл аралык медиа форум өткөрүлдү. ТҮРКСОЙ музейлер биримдигинин мүчөлөрү чогулуп, учурдагы көйгөйлөрүн талкуулашты. 2024-жылы түрк республикаларында Махтумкули Фиракини эскерүү иш-чаралары өткөрүлөт.

Окуялардан көрүнүп тургандай, ТҮРКСОЙ, Эл аралык түрк академиясы жана Эл аралык түрк маданияты жана мурасы фонду түрк республикаларынын биримдиги, бүтүндүгү жана эл аралык аренада таанытылышы боюнча көрүнүктүү иштерди аткарууда. Быйыл Казакстанда өтө турган 5-Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары түрк калктарын дүйнөгө таанытууга чоң салым кошмокчу.

Программаны эфирге даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова

 

 



Тектеш кабарлар