Евразия аймагындагы республикалардын күн тартибиндеги маанилүү окуялар

Евразия күндеми-11

2115574
Евразия аймагындагы республикалардын күн тартибиндеги маанилүү окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия аймагындагы республикалардын күн тартибиндеги маанилүү окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 4-март күнү Болгариянын Элдик Парламентинин төрагасы Росен Желязков Азербайжанга расмий иш сапары менен барды. Төрага Желязков Баку шаарында Азербайжандын Улуттук Жыйынынын төрайымы Сахиба Гафарова жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушту.

4-март күнү Ашхабадда Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Башкы катчысынын жана Борбор Азия республикаларынын экология министрлеринин жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда жашыл экономика, чек ара сууларын пайдалануу, климаттын өзгөрүшү жана өзгөчө кырдаалдар сыяктуу маселелер талкууланды. Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун баш катчысы Хельга Мария Шмидди Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кабыл алды.

Өткөн айда Казакстан Республикасынын Премьер-министри болуп шайланган Олжас Бектенов чет мамлекетке алгачкы сапарын 4-март күнү Орусия Федерациясына жасады. Премьер-министр Бектенов Москвага болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту. Эки өлкөнүн ортосундагы соода көлөмү өткөн жылы рекорд коюп, 28 миллиард долларга жетти. Олжас Бектенов март айында иш сапары менен Өзбекстанга барары белгилүү болду.

Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин 5-март күнү Азербайжанга барды. Премьер-министр Мишустин Азербайжандын премьер-министри Али Асадов менен жолугушуп, 6-мартта президент Илхам Алиев тарабынан кабыл алынды. Иш сапардын алкагында эки өлкөнүн ортосунда маданият, туризм, транспорт жана чек ара бекеттерин жакшыртуу боюнча келишимдерге кол коюлду.

6-март күнү Гагауз автономиялуу аймагынын башчысы Евгения Гуцул Сочиде Орусиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Гагауз автономиялуу аймагынын башчысы Владимир Путинден эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жардам сурады. Евгения Гуцул буга чейин Москвада Орусия Федералдык Жыйынынын төрайымы Валентина Матвиенко менен жолугушту. Белгилүү болгондой, Евгения Гуцулдун Кишинев бийлиги менен мамилеси жакшы эмес.

7-март күнү Казакстандын Президенти Касым Жомарт Токаев Сауд Арабиянын энергетика жана инвестиция министри Халид бин Абдулазиз Аль-Фалихти кабыл алды. Жолугушууда Казакстан-Сауд Арабия инвестициялык кызматташуу маселеси талкууланды. Жолугушуунун соңунда эки өлкөнүн ортосунда шамал электр станциясын куруу келишимине кол коюлду.

7- март күнү Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров Сауд Арабиянын тышкы иштер министринин орун басары Валид Аль-Хурайшини кабыл алды. Жолугушууда Кыргызстан-Сауд Арабия мамилелерине байланыштуу ар кыл маселелер талкууланды. Президент Жапаровдун Сауд Арабияга расмий иш сапары менен барары белгилүү болду.

Монголиянын парламентинин төрагасы Занданшатар Гомбожав Кыргызстандан кийин Венгрияда расмий иш сапары менен болду. 7-мартта Будапештте Монголиянын парламентинин төрагасы Гомбожав Венгриянын Улуттук Парламентинин төрагасы Ласло Кёвер менен жолугушту. Андан соң Гомбожав Венгриянын президенти Тамаш Сулёк менен жолугушту.

Окуялардан көрүнүп тургандай, Түрк республикаларынын дүйнөлүк саясаттагы ролу өсүүдө. Монголия Түрк республикалары менен мамилесин жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызыктар. Сауд Арабиянын түрк республикаларына салган инвестициясы артууда. Гагаузиянын чет өлкөдөгү эң чоң колдоочусу Орусия жана Түркия Республикасы болуп саналат. Премьер-министрлердин иш сапарларынан көрүнүп тургандай, Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтык уланууда.

Программаны эфирге даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар