Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-9

2109284
Түрк республикаларынын күн тартибиндеги окуялар

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк республикаларынын күн тартибиндеги маанилүү окуялар тууралуу кеп салабыз.

Өткөн аптада батыштагы түрк республикаларынын ортосунда жогорку деңгээлдеги расмий иш сапарлар байма-бай жасалды. Эми бул иш сапарларына көз чаптыралы.

Үстүбүздөгү жылдын 19-февраль күнү Азербайжан Республикасынын Президенти Илхам Алиев президент болуп кайра шайлангандан кийин чет өлкөгө алгачкы расмий иш сапарын Түркияга жасады. Анкарада салтанаттуу азем менен тосулган президент Илхам Алиев Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган менен тет-а-тет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки өлкөнүн ортосунда үч келишимге кол коюлду. Бул келишимдердин арасында Түркия-Азербайжан университетин түзүү келишими да бар. Быйыл Бакуда ачыла турган университетте түрк жана англис тилдеринде билим берилет.

Президент Илхам Алиев Анкарадагы билдирүүсүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын быйыл Азербайжандын Шуша шаарында өтө турган Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) саммитине катыша турганын белгиледи. Мурда Түндүк Кипр Түрк Республикасына Түркия гана колдоо көрсөтүп келсе, азыр Азербайжан жана Борбор Азиядагы түрк республикалары да колдоо көрсөтө башташты.

20-февралда ТҮРКСОЙдун Башкы катчылыгынын имаратында Рауф Денкташтын 100 жылдык мааракеси белгиленди. Эскерүү жыйынына Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз жана башка расмий өкүлдөр катышышты. Жыйында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын негиздөөчү президенти Рауф Денкташтын сүрөтчүлүк, жазуучулук жана акындык сыяктуу түрдүү өнөрлөрү катышуучуларга кеңири баяндалды.

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Премьер-министри Үнал Үстел Жаңы Азербайжан партиясынын чакыруусу менен 20-февраль күнү Азербайжанга иш сапары менен барды. Премьер-министр Үстел Бакуда Жаңы Азербайжан партиясынын төрагасынын орун басары Тахир Будагов менен жолугушту.

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Нуман Куртулмуш 22-февраль күнү Бакуга барып, Азия Парламенттик Ассамблеясынын (АПА) 14-жыйынына катышты. Жыйында Азия Парламенттик Ассамблеясынын кезектеги мөөнөттүү төрагалыгы Түркиядан Азербайжанга өттү. Иш сапардын алкагында төрага Куртулмуш, Азербайжандын Премьер-министри Али Асадов, Азербайжан Улуттук Парламентинин төрайымы Сахиба Гафарова менен жолугушту.

21-февраль күнү Татарстандын борбору Казанда «Келечек оюндары» 1-эл аралык спорттук турниринин ачылыш аземи болуп өттү. Спорттун ар кыл түрү боюнча өткөрүлүп жаткан мелдештин ачылыш аземине Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Орусия, Сербия жана Тажикстандын президенттери катышты. “Келечек оюндарында” 107 өлкөдөн 2 миңден ашуун спортчу күч сынашууда. Орусия Федерациясынын Президенти Владимир Путин жана Татарстандын Раиси Рустам Минниханов Казанда конок президенттер менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Татарстандын Раиси Рустам Минниханов Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровга жана Беларусь Президенти Александр Лукашенкого “Достук” орденин тапшырды. Санкцияларга дуушар болгон Орусия үчүн мындай эл аралык иш-чаралар Орусиянын дүйнөдөн обочолонбогонун далилдеш үчүн маанилүү болуп саналат. “Келечек оюндары” 3-мартка чейин уланат.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар