Өзбекстан-Беларусь мамилелери

Евразия күндеми-7

2102859
Өзбекстан-Беларусь мамилелери
özbekistan-belarus-2.jpg
özbekistan-belarus-3.jpg
özbekistan-belarus-4.jpg

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программада Өзбекстан-Беларусь мамилелеринин азыркы абалы тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 7-9-февраль күндөрү Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко Өзбекстанда расмий иш сапары менен болду. 8-февралда Ташкентте эки өлкөнүн президенттери тет-а-тет жана делегациялар аралык жолугушууларды өткөрдү. Президенттердин жолугушуусунун күн тартибиндеги темалардын арасында Беларустун Шанхай Кызматташтык Уюмуна толук кандуу мүчөлүгү маселеси да орун алды. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда президенттер эки өлкөнүн алакасын өнүктүрүү боюнча биргелешкен декларацияга кол коюшту. Ташкент шаарында эки өлкөнүн ортосунда жалпысынан 14 келишимге кол коюлду. Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин 2019-жылы Беларуска жасаган расмий иш сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда 13 келишимге кол коюлган болчу.

Президенттер Ташкент шаарындагы TEXNOPARKты чогуу кыдырып чыгышты. Шавкат Мирзиёев менен Александр Лукашенконун чогуу лыжа тээп, хоккей оюнун көрүү үчүн “Хумо Аренага” барышы лидерлердин ортосунда ишенимдин орногонун жана бул абал эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө чоң салым кошоорун айта алабыз.

Расмий иш сапардын алкагында Өзбекстанда Өзбекстан-Беларусь өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны, Өзбекстан-Беларусь 2-аймактар ​​аралык форуму, Өзбекстан-Беларусь ректорлор форуму жана Өзбекстан-Беларусь саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилеринин жыйыны болуп өттү. Өзбекстан-Беларусь 2-аймактар ​​аралык форумунда эки өлкө ортосунда 1 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлганы белгилүү болду.

Эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү 620 миллион долларга жетти. Салыштыруу үчүн, 2017-жылы Өзбекстан менен Беларустун ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 130 миллион долларды түзгөн. Президенттер бул көрсөткүчтү 2026-жылга чейин 1 миллиард долларга жеткирүү тапшырмасын беришти.

Акыркы жылдарда Өзбекстан менен Беларустун ортосунда түзүлгөн биргелешкен ишканалардын саны төрт эсеге өстү. Тараптар бул жаатта кызматташтыкты өнүктүрүү менен үчүнчү өлкөлөргө продукция экспорттоону максат кылууда. Эки өлкөнүн ортосундагы айыл чарба, фармацевтика, оор өнөр жай, текстиль жана курулуш тармактарындагы кызматташтык жогорку деңгээлде өнүгүп жатат.

Өзбекстан менен Беларусь СССР мезгилинде тыгыз кызматташтыкта ​​болгон. Бирок Өзбекстандын Минсктеги элчилигинин 2018-жылдын март айында ачылганын, Өзбекстандын президенттери Ислам Каримов менен Шавкат Мирзиёевдин Беларуска бир жолу, ал эми Беларустун президентинин Өзбекстанга акыркы 30 жылда 3 эле жолу расмий иш сапары менен барганын эске алсак, эгемендүүлүк жылдарында Өзбекстан-Беларусь мамилелеринин анча бекем болбогонун айта алабыз. Шавкат Мирзиёев президент болгондон кийин эки өлкөнүн мамилеси жандана баштады. 2023-жылы Өзбекстан менен Беларустун парламентинин төрагалары, өкмөт башчылары бири-бири менен жолугушушту.

Ташкентте «Свитанак» деп аталган Белоруссиянын маданий борбору иштейт. Өзбекстанда жашаган беларустардын саны 18 миңден ашуун. Өзбек студенттери Беларуста жогорку билим алган студенттердин саны боюнча кытайлардан кийинки экинчи орунда турат.

Жыйынтыктап айтсак, Өзбекстан-Беларусь кызматташтыгы акыркы жылдары бардык тармактарда өнүгө баштады. Беларусь Өзбекстан аркылуу Түштүк Азияга чыгууну пландап жатат. Европа өлкөлөрү менен болгон кризис Беларустун жүзүн түштүк-чыгышка буруусун талап кылууда. Ошондон улам Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенконун Өзбекстанга иш сапары чоң мааниге ээ.

Кадырлуу угармандар, программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар