Түрк мамлекеттеринин ортосундагы интеграция жараяны

Евразия күндеми-6

2099724
Түрк мамлекеттеринин ортосундагы интеграция жараяны

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда түрк мамлекеттеринин ортосундагы интеграция жараяны тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 19-январь күнү Стамбулда Түрк кызматташтык уюмдарынын координациялык комитетинин 4-жыйыны болуп өттү. Жыйынды Түрк Мамлекеттер Уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев жетектеп, ага ТүркПАнын жана ТҮРКСОЙдун башкы катчылары, Эл аралык Түрк Академиясынын жана Эл аралык Түрк Маданияты жана Мурасы Фондунун жетекчилери катышты. Жыйында 2024-жылы аткарыла турган иштер жана Түрк республикаларынын мамлекет башчыларынын чечимдеринин жана тапшырмаларынын аткарылышы сыяктуу маселелер талкууланды. Түрк республикаларынын эл аралык уюмдары өз ара координация аркылуу иштерин улантып жатышат.

Түрк мамлекеттеринин ортосунда 2023-жылы чоң ийгиликтер жараткан орток иш алып баруу процесси жогорку деңгээлде уланууда. Маселен, үстүбүздөгү жылдын 18-январында Баку шаарында Түрк дүйнөсүнүн кино жетекчилеринин жыйыны болуп өттү. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан жана Түркиянын кино жетекчилери катышты. Жолугушууда “Кожо Насреддин” биргелешкен кино долбоорунун деталдары талкууланды.

Түрк мамлекеттеринин орток кесиптик бирикмелерин түзүү боюнча иштер улантылууда. 23-январь күнү Стамбулда Түрк мамлекеттеринин атаандаштык бирикмесин түзүү аземи болуп өттү. Андан соң Түрк мамлекеттеринин атаандаштык бирикмесинин 1-жыйыны өткөрүлдү. Түрк мамлекеттеринин атаандаштык бирикмесинин кезектеги жыйыны Азербайжанда болот.

1-февралда Түрк дүйнөсү арачылар биримдигинин төрагасы Якуп Эрикел Азербайжанга иш сапары менен барды. Төрага Эрикел Азербайжандын Арачылар кеңешинин төрагасы Надир Адилов жана Азербайжан Укук академиясынын төрагасы Шахин Алиев менен жолугушту. Түрк дүйнөсү арачылар биримдигинин төрагасы Эрикел кийинки айларда башка Түрк республикаларына да барып, ыйгарым укуктуу адамдар менен жолугаарын билдирди. Түрк дүйнөсүнүн арачылар биримдигинин 1-курултайы август айында Өзбекстанда өтөөрү белгилүү болду.

1-февралда Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө жана байкоочу өлкөлөрдүн темир жол администрацияларынын өкүлдөрү биринчи онлайн жолугушуусун өткөрүштү. Жыйындын түпкү максаты – Түрк мамлекеттеринин темир жол башкаруу кеңешин түзүү.

Январь айында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Түркияга, Казакстандын соода жана интеграция министри Өзбекстанга, Түркиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга, Түркиянын вице-президенти Түндүк Кипр Түрк Республикасына, Түркиянын коргоо министринин орун басары Азербайжанга, Түркиянын билим берүү министри Азербайжанга барды. Мындан тышкары Кыргызстан менен Өзбекстандын ички иштер министрлери Казакстанга, Өзбекстан парламентинин төрагасынын орун басары Азербайжанга, Түркиянын энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Азербайжанга, Казакстандын тышкы иштер министри Кыргызстанга, Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчылары Казакстанга иш сапары менен барышты. Январь айындагы бул жолугушууларга карап, Түркия менен Азербайжандын ортосунда иш сапарлардын көп болгонун айтууга болот.

Түрк Мамлекеттер Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн интеграциялык демилгелери өз жемишин бере баштады. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода жүгүртүү 2022-жылы 33 миллиард доллар болсо, бул көрсөткүч 2023-жылы 42 миллиард долларга жетти. Түрк инвестиция фондунун активдүү иштей башташы бул көрсөткүчтүн эселеп өсүшүнө себеп болот.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова.



Тектеш кабарлар