Өзбекстан-Кытай мамилелери

Евразия күндеми-5

2096295
Өзбекстан-Кытай мамилелери

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Өзбекстан-Кытай мамилелеринин азыркы абалы тууралуу кеп салабыз.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев чет өлкөгө жасаган быйылкы иш сапарларынын алгачкысын үстүбүздөгү жылдын 23-25-январь күндөрү Кытайга жасады. Президент Мирзиёев Кытайга мамлекеттик иш сапарынын алкагында Пекинде Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лецзи жана Өкмөт башчысы Ли Цян менен жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууларда Ташкентте Кытайдын Эксим банкынын (Экспорт-импорт) Борбор Азиядагы филиалын ачуу чечими кабыл алынды. Президенттер Си Цзиньпин менен Шавкат Мирзиёев эки өлкөнүн ортосунда ар тараптуу стратегиялык кызматташууну түзүү боюнча макулдашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Өзбекстан менен Кытайдын ортосунда 15 келишимге кол коюлду. Эскерте кетсек, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёевдин былтыр май айында Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында эки өлкө ортосунда 41 келишимге кол коюлган.

Президент Мирзиёев андан соң Шэньчжэнге барып, Кытай-Өзбекстан инвестициялык форумуна катышты. Иш сапардын алкагында Шавкат Мирзиёев Кытайдын алдыңкы компанияларынын жетекчилери менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү. Президент Мирзиёевдин катышуусунда Өзбекстандын Жизак облусунда кытайлык “BYD” компаниясы тарабынан гибриддик жана электр автомобилдер чыгарыла турган заводдун ачылыш аземи болду. Былтыр декабрда Өзбекстан кытайлык “Henan Suda” компаниясы менен 2033-жылга чейин өлкө боюнча 50 миң электр кубаттоочу станция куруу боюнча келишимге кол койгон. Кытайдын Өзбекстанга салган инвестициясы 14 миллиард доллардан ашты.

2023-жылдан тартып Кытай Өзбекстандын эң ири тышкы соода өнөктөшү болуп калды. Тараптар 14 миллиард долларга жеткен өз ара соода көлөмүн алдыбыздагы жылдарда 20 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылууда.

 Кытай менен Өзбекстандын аймактар ​​аралык кызматташуусу күч ала баштады. Акыркы жылдары аймактар ​​аралык форумдар, өз ара делегациялардын иш сапарлары жана тажрыйба алмашуу программалары үзгүлтүксүз өткөрүлүп келүүдө. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын 22-январында Үрүмчү шаарында Кытай-Өзбекстан жергиликтүү бийликтер аралык кызматташуу форуму болуп өттү. Кытайдын Өзбекстанга жасаган инвестицияларын өлкөнүн ар кайсы аймактарынан көрүүгө болот. Өзбекстан келгендердин санын көбөйтүү үчүн Кытай жарандарына өлкөгө 10 күн визасыз кирүүгө уруксат берди.

Буга чейин Өзбекстан менен Кытайдын ортосунда 7 шаарга аба каттамдары бар эле. Жаңы келишимге ылайык, эки өлкөнүн ортосунда шаар чектөөсү болбостон 100 өз ара аба каттамын уюштурууга уруксат берилди.

Президент Мирзиёевдин Кытайга болгон иш сапарынын алкагында 22-23-январь күндөрү Пекинде Кытай-Өзбекстан билим берүү форуму болуп өттү. Форумга эки өлкөнүн 147 университетинин ректорлору катышты. Форумда Кытай-Өзбекстан университеттеринин ассоциациясын түзүү чечими кабыл алынды.

Жыйынтыктап айтканда, Өзбекстан-Кытай мамилелери эң жогорку деңгээлге чыкты. Эки тараптуу карым-катнаштар энергетика, өнөр жай, транспорт, соода, айыл чарба жана билим берүү сыяктуу түрдүү тармактарда ылдам өнүгүп жатат. Жогорудагы окуялардын негизинде, Өзбекстан-Кытай мамилелери мындан ары да өнүгөөрүн жана Президент Мирзиёевдин Кытайга болгон мамлекеттик иш сапарынын абдан жемиштүү өткөнүн айта алабыз.

Программаны эфирге даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар