Казакстан-Италия мамилелери

Евразия күндеми-4

2092930
Казакстан-Италия мамилелери

“Түркия үнү” радиосунда даярдалган “Евразия күндеми” программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программада 2023-жылы Казакстан-Италия мамилелеринин азыркы абалы тууралуу кеп салабыз.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаев чет өлкөгө жасаган быйылкы иш сапарларынын алгачкысын үстүбүздөгү жылдын 18-19-январь күндөрү Италияга жасады. Президент Токаев Римде Италиянын президенти Сержио Маттарелла жана премьер-министр Жоржия Мелони менен жолугушту. Жолугушуулардын жыйынтыгында Казакстан менен Италия өкмөттөрүнүн ортосунда 7 келишимге кол коюлду. 5+1 форматындагы жолугушууларды 2024-жылы Римде, 2025-жылы Казакстанда өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

19-январь күнү президент Токаев Италиянын 30 алдыңкы компаниясынын жетекчилери менен тегерек үстөл жыйынын өткөрдү. Жолугушуунун алкагында тараптар ортосунда 18 келишимге кол коюлду. Эки өлкөнүн ортосунда биргелешкен инвестициялык фонд түзүлдү. Италиянын “NEOS” авиакомпаниясы менен Казакстанга аба каттамдарды уюштуруу боюнча келишим түзүлдү. Жыйындан кийин президент Токаев айрым италиялык компаниялардын жетекчилери менен өз-өзүнчө жолугушууларды өткөрдү.

Президент Токаев Бириккен Улуттар Уюмунун Римдеги кеңселеринде болду. Касым Жомарт Токаев Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын жетекчилери менен жолугушуп, Казакстандын Бириккен Улуттар Уюму менен кызматташуу маселелерине токтолду.

Ошол эле күнү Президент Токаев Ватиканга барып, Рим папасы Франциск менен жолугушту. Жыйындын соңунда Ватикан архивдери жана китепканалары казак илимпоздорунун пайдалануусуна ачылаары айтылды. Президент Токаев Ватикандын музейлерин кыдырды. Эске сала кетсек, Рим папасы Франциск Казакстанга 2022-жылы барган.

Казакстан Республикасынын Президенти Касым Жомарт Токаевдин Италияга жасаган расмий иш сапары эки тараптуу мамилелердин мындан аркы өнүгүшүнө өбөлгө түздү. Өзгөчө энергетика, тоо-кен, транспорт, тамак-аш, өнөр-жай, соода жана жашыл экономика сыяктуу тармактарда алакалардын жаңы деңгээлге чыгышы күтүлүүдө.

 Казакстандын Европанын ири мамлекеттери менен мамилеси эң жогорку деңгээлде. Казакстан 2009-жылы эле Европанын ири экономикаларынын бирине ээ болгон Италия менен стратегиялык кызматташтык келишимине кол койгон.

Италия Казакстанга 7,3 миллиард доллардык түз инвестиция салган. Казакстан-Италия өз ара сооданын көлөмү 14,5 миллиард долларга жетти. Жаңы максат бул соода көлөмүн 20 миллиард долларга жеткирүү болуп саналат. Казакстан Италияга негизинен мунай, буудай жана түрдүү минералдарды экспорттосо, Италия Казакстанга дары-дармек, косметика жана витаминдерди экспорттойт. Казакстанда 300гө жакын италиялык компания иш алып барууда.

2023-жылдын 30-ноябрында Алматыда Италиянын маданий борбору ачылган. Сөз болуп жаткан борбор Орто Азия аймагында ачылган Италиянын алгачкы маданий борбору болуп саналат.

Казакстан тышкы саясатта көп векторлукка чоң маани берет. Евразия аймагында Орусия менен Кытайдын өсүп бара жаткан таасирин баланстоо үчүн Казакстан Батыштын алдыңкы өлкөлөрү менен мамилесин мындан ары да өнүктүрүүгө кызыктар. Президент Токаев 2023-жылдын сентябрь айында Германияга иш сапары менен барган, Франциянын Президенти ошол эле жылдын ноябрь айында Казакстанга келген.

Жыйынтыктап айтканда, Казакстан-Италия мамилелери эң жогорку деңгээлде өнүгүп жатат.

Программаны эфирге даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар