Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Евразия күндеми-70

2081890
Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар

Ардактуу окурмандар! «Түркия үнү» радиосунда даярдалган «Евразия күндеми» программасын окуп жатасыздар. Бүгүнкү программабызда Евразия мамлекеттеринин күн тартибиндеги окуялар тууралуу кеп салабыз.

Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрь күнү Владимир Путин Орусия Федерациясынын Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке талапкерлик документтерин өзү барып тапшырды. Бул жолу Путин президенттик шайлоодо көз карандысыз талапкер катары ат салышууда. Ал эми Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясы 75 жаштагы Николай Харитоновдун талапкерлигин көрсөттү. Харитонов 20 жыл мурун талапкер болуп Владимир Путинге каршы шайлоодо утулуп калган эле.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин 18-декабрь күнү Москвага барып, Владимир Путин менен жолукканын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Белгилей кетсек, мындан бир ай мурун Астанада мечит ачып, 1-декабрда өзүнүн эскерүүлөрүн китеп кылып жарыялап, 12-декабрь күнү болсо Астана клубунун жыйынында сөз сүйлөгөн Нурсултан Назарбаев акыркы убакта эл алдына көп чыга баштады.

18-декабрь күнү Москвада Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жыйыны болуп өттү. Жолугушуунун соңунда айрым келишимдерге кол коюлду. Самарканд шаары 2024-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин маданий борбору деп жарыяланды. Өкмөт башчылары Эл аралык “Россия” жарманкесин кыдырышты.

18-декабрь күнү Түркиянын Президенти Режеп Таййип Эрдоган Венгрияга расмий иш сапары менен барды. Президент Эрдоганды Венгриянын Президенти Каталин Новак Будапештте расмий азем менен тосуп алды. Президент Эрдоган Венгриянын Президенти Каталин Новак жана Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен жолугушуп, Түркия-Венгрия Жогорку деңгээлдеги стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы жыйынына катышты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Түркия менен Венгриянын ортосунда 17 келишимге кол коюлду. Иш сапардын алкагында президенттердин катышуусунда “2024-Түркия-Венгрия маданият жылынын” ачылыш аземи өткөрүлдү.

19-20-декабрь күндөрү Түркиянын Вице-президенти Жевдет Йылмаз Азербайжанда расмий иш сапары менен болду. Вице-президент Жевдет Йылмаз Бакуда Азербайжандын Президенти Илхам Алиев, Улуттук Парламенттин төрайымы Сахиба Гафарова жана Премьер-министр Али Асадов менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Вице-президент Йылмаз Бакуда иш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен да жолугушту.

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад аль-Тани 19-декабрь күнү Өзбекстанга иш сапары менен барды. Катардын эмирин аэропорттон Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев өзү тосуп алды. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин өнүгүп жаткандыгы баса белгиленди. Лидерлер Ташкент шаарында курулган “Коррупцияга каршы күрөш” эстелигинин ачылыш аземине катышты. “Коррупцияга каршы күрөш” медалы Президент Мирзиёевге тапшырылды.

22-декабрь күнү Грузия Парламентинин спикери Шалва Папуашвили Арменияга бейрасмий иш сапары менен барды. Папуашвили Ереванда Армения парламентинин спикери Ален Симонян менен жолугушту.

 Казакстанда Бахти-Аягөз темир жол линиясынын курулушу башталды. 2027-жылы 272 чакырымдык курулуш аяктаганда Казакстан Кытай Эл Республикасы менен үчүнчү чек ара бекетин ачуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Казакстан менен Кытай үчүнчү чек ара бекетин ачуу менен жүк ташуу мүмкүнчүлүгүн 28 миллион тоннадан 48 миллион тоннага көтөрүүнү максат кылууда.

Программаны даярдагандар Абдрасул Исаков жана Гүлдана Мурзакулова



Тектеш кабарлар