Молдованын президенти Игорь Додондун Анкарага иш сапары

Евразия күндеми-2

1338191
Молдованын президенти Игорь Додондун Анкарага иш сапары

Ардактуу окурмандар! Бүгүнкү программабызда Молдованын президенти Игорь Додондун Түркияга жасаган иш сапары тууралуу кеп кылабыз.

 Президент Режеп Таййип Эрдогандын 2018-жылдагы Молдова иш сапарына жооп катары Молдованын президенти Игорь Додон 2019-жылдын 30-декабрь күнү Анкарага келди. Ошентип эки ѳлкѳ ортосундагы жогорку деңгээлдеги сапарлар кийинки жылга калтырылбай ѳз убагында жасалды.

Додондун  Түркияга жасаган расмий иш сапарынын дагы бир өзгөчөлүгү -  Молдованын президенти менен премьер-министри алгачкы жолу чогуу чет мамлекетке иш сапарына чыгышты. Бул нерсе Кишинёвдун Түркия менен кызматташууга аябай чоң маани бергендигин көрсөтүп турат.

Молдова президенти баштаган делегацияны Түркия Президенти Эрдоган Анкарада салтанаттуу азем менен тосуп алды. Тар чѳйрѳдѳ жана делегациялардын катышуусу менен ишке ашырылган жолугуушулардан кийин тѳрт келишимге кол коюлду. Молдова делегациясы Түркия Улуу Улуттук Жыйынына келип, анын төрагасы Мустафа Шентоп менен дагы жолугушуу ѳткѳрдү. Төрага Шентоп жолугуушуда молдовалык кесиптеши Зинаида Гречаныйды 2020-жылдын апрель айында боло турган Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын түзүлүшүнүн жүз жылдык маараке салтанатына чакырды.

Президент Режеп Таййип Эрдогандын 2018-жылдын октябрь айында Молдовага жасаган иш сапарынан кийин эки ѳлкѳ мамилелери стратегиялык деңгээлге чыкты. Анкара менен Кишинёв кызматташтыкты ар кыл тармакта ѳнүктүрүп жатышат.

Түркиянын Молдовадагы инвестициялары кѳбѳйүп, соода жүгүртүү алакасы артты. Түркия-Молдова соода алакасынын көлөмү ѳткѳн жылы 500 миллион долларды түздү. Эки тараптуу кызматташуу акыркы жылдардагыдай ылдамдыкта ѳсѳ баштаса соода алакасынын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткирүү максаты 5-10 жыл аралыгында жүзѳгѳ ашырылышы ыктымал.

Ѳткѳн жылдан бери Түркия менен Молдова визасыз (ID карта менен) тартипке ѳтүштү. Бул нерсе молдовалык туристтердин эс алуу үчүн Түркияга келиши жана туризмдин ѳнүгүшү үчүн аябай маанилүү кадам болду. Түркиянын кошуналары жана боордош мамлекеттер менен визасыз (ID карта менен) тартипке ѳтүү процесси улантылышы керек. Анткени муну ишке ашыруу аркылуу Түркия аймактагы күчтүү мамлекет катары позициясын чыңдайт жана Түркия аймактагы башка ѳлкѳлѳрдү ѳзүнѳ тарткан борборго айланат.

2019-жылдын 30-декабрында Анкарада кол коюлган келишимдердин бири, Молдовада “Юнус Эмре” институтунун ачылышы тууралуу келишим болду. Түркия, Молдова менен кызматташтык алакасын бекемдеп жаткан мезгилде ушундай келишимдин кабыл алынышы абдан маанилүү болуп саналат.

Мындан сырткары Анкара шаарында эки ѳлкѳнүн Ички иштер министрликтери да кызматташтык боюнча келишимге кол коюшту. Бул келишим Молдовага  коопсуздук тармагында жардам керек болгондо, Түркиянын ага жардам беришине мүмкүнчүлүк берген кадамдардын алгачкысы болушу мүмкүн. Анткени Молдова Түркияга жакын жерде жайгашкан.

Россия, Европа Биримдиги, Румыния жана Украина менен болгон  мамилелеринде Молдова Түркияны тең салмактуулукту кармап туруучу союздашы катары эсептесе болот. Түркия Африканын түндүгү жана Жакынкы Чыгышта маанилүү күч катары белгилүү. Эми Чыгыш Европада ѳзүнѳ жакын союздаштарга ээ болуу аркылуу ал аймактагы позициясын чыңдашы мүмкүн. Саны 200 миңге жакындаган гагауздар Түркиянын Молдова менен алакасын активдүү жүргүзүшүн талап кылган эң маанилүү фактор болуп саналат.

Урматтуу окурмандар, декабрь айында Гагаузия автономия болушунун 25 жылдык мааракесин майрамдады. Гагаузиянын автономия алышында ошол кездеги Түркиянын Президенти Сулайман Демирелдин салымы чоң болгон. Гагауздар гана эмес, молдавандар да 25 жыл мурун маселенин диалог жолу менен чечилишине өбөлгө болгондугу үчүн Демирелге ыраазычылыгын билдирип келишет.

Түркиянын Гагаузиядагы эң активдүү уюму ТИКА болуп эсептелет жана ТИКА азырга чейин Молдова жана Гагаузияда 400дѳн ашуун долбоорду ишке ашырганга жетишти. Игорь Додондун Анкарада: “ТИКАнын Молдованын бардык аймактарында иш алып барышын каалайбыз,”- деп айтканы, Молдова Президентинин Түркия менен тыгыз кызматташкысы жана Анкара менен союздаш болгусу келгендигин билдирет. Түркиянын Молдова жана Гагаузиядагы долбоорлору улантылмакчы. Мисалы, жыл сайын 10 гагауз Түркияда дарыланып жатат. Ден соолук жумалыгы ѳткѳрүлүп, түрк дарыгерлер Гагаузияда бейтаптарды дарылап келишүүдѳ. Түркиянын Саламаттыкты сактоо министрлиги Гагаузияга керектүү медициналык жабдыктарды берүүдѳ.

Түрк курулуш фирмалары Молдовада иш алып  барышууда. Түркия Комратта кѳп тармактуу стадион куруп жатат. 2020-жылдын биринчи жарымында Комратта Түркиянын генералдык консулдугунун ачылышы күтүлүүдѳ. Анкара ТИКА, “Юнус Эмре” институту, ишкерлер жана инвестициялар аркылуу Молдовада иш-аракеттерин арттырат. Түркия, Чыгыш Европадагы кѳп жылдык пландарын аталган ѳлкѳ аркылуу жүзѳгѳ ашырса болот.

Молдовада 2020-жылы президенттик шайлоо болот. Додондун кайрадан талапкер болушу күтүлүүдѳ. Ошондуктан Президент үчүн Түркиянын колдоосу жана инвестициялары маанилүү болуп эсептелет. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын көп тармактарды камтыган түрдө жана өз убагында  ишке ашырылып келе жатышы, Молдованын тышкы саясатта Түркия менен тыгыз кызматташкысы келгенин айгинелеп турат.

 

 



Тектеш кабарлар