Георгиева кайрадан Эл аралык валюта корунун башчысы болуп шайланды
Аткаруучу директорлор кеңешинин Георгиеваны 1-октябрдан тарта экинчи 5 жылдык мөөнөткө Эл аралык валюта фондунун башчысы кызматына тандаганы белгиленди.
Кристалина Георгиева кайрадан Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) башчысы болуп шайланды.
Эл аралык валюта фондунун билдирүүсүндө, Аткаруучу директорлор кеңешинин Георгиеваны 1-октябрдан тарта экинчи 5 жылдык мөөнөткө Эл аралык валюта фондунун башчысы кызматына тандаганы белгиленди.
Чечимдин бир добуштан кабыл алынганы айтылган билдирүүдө, Георгиеванын кызмат учурундагы бир катар ири глобалдык соккуларды жеңүүдө “күчтүү жана шамдагай” жетекчилигинин жогору бааланганы маалымдалды.
Билдирүүдө кеңештин, Георгиеванын натыйжалуу саясий сунушу, потенциалды жогорулатуу жана каржылоо аркылуу фонддун мүчөлөрүнө колдоосун күчтөндүрүүгө багытталганы кабарланды.
Георгиева болсо өз билдирүүсүндө, башчылык кызматын экинчи 5 жылдык мөөнөткө уланта турганына сыймыктанганын айтты.
Болгариянын жараны Георгиева 2019-жылдан бери ЭВФти жетектеп келет.
Георгиева буга чейин Дүйнөлүк банкта жана Еврокомиссияда ар түрдүү кызматтарда иштеген.
Беш жылдык кызмат мөөнөтү 30-сентябрда аяктай турган Георгиева, фонддун кийинки шайлоо процессинде жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн.
Тектеш кабарлар
Титаниктен чыккан саат аукционго коюлду
1912-жылы 14-апрелде чөгүп кеткен Титаниктеги 2224 жүргүнчүнүн 710у гана аман калган.