Түркия биринчи чейректе коңшуларына 5,9 миллиард доллардык экспорт жасады

Соода министрлиги жана Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын быйылкы жылдын биринчи чейрегинде экспорту 63,7 миллиард доллар болду.

2126797
Түркия биринчи чейректе коңшуларына 5,9 миллиард доллардык экспорт жасады

Түркия үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында коңшулары Болгария, Армения, Грузия, Ирак, Иран, Сирия жана Грецияга 5 миллиард 948 миллион 129 миң долларлык экспорт жасады.

Соода министрлиги жана Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда Түркиянын быйылкы жылдын биринчи чейрегинде экспорту 63,7 миллиард доллар болду.

Бул «биринчи чейректеги эң мыкты экспорт» көрсөткүчү болду.

Түркия январь-март мезгилинде коңшулары Болгария, Армения, Грузия, Ирак, Иран, Сирия жана Грецияга 5 миллиард 948 миллион 129 миң долларлык экспорт жасады.

Сөз болуп жаткан сумма өткөн жылдын ушул мезгилинде 5 миллиард 99 миллион доллар деңгээлинде болгон.

Ошентип, январь-март мезгилинде бул өлкөлөргө экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 16,7 пайызга өстү.

Бул мезгилде эң көп экспорт 2 миллиард 731 миллион 316 миң доллар менен Иракка жасалды.

Бул өлкөдөн кийин 1 миллиард 27 миллион 792 миң доллар менен Болгария, 665 миллион 663 миң доллар менен Греция, 583 миллион 962 миң доллар менен Иран, 551 миллион 31 миң доллар менен Сирия жана 124 миң доллар менен Армения болду.

Экспорт жыл сайын эң көп өскөн өлкө 33,9 пайыз менен Ирак болду.



Тектеш кабарлар