Түрк лосось экспорту 24 пайызга өстү

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, аймактан 11 өлкөгө 3 миң 778 тонна түрк лосось балыгынын экспорттолгондугун айтты.

2111214
Түрк лосось экспорту 24 пайызга өстү

Чыгыш Кара деңизде январь-февраль мезгилинде түрк лосось экспортунан түшкөн киреше 24 пайызга өсүп 19 миллион 45 миң 787 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, аймактан 11 өлкөгө 3 миң 778 тонна түрк лосось балыгынын экспорттолгондугун айтты.

Бул экспорттон 19 миллион 45 миң 787 долларлык киреше түшкөнүн маалымдаган Гүрдоган, экспорттун өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу көлөмдө 74 пайыз, нарк жагынан 24 пайызга өскөнүн белгиледи.

Гүрдоган аймак экспортунда Орусия Федерациясынын биринчи орунду ээлегинин кабарлап: «Жылдын эки айында аймагыбыздан 11 өлкөгө түрк лосось балыгы сатылды. 11 миллион 41 миң 202 долларлык экспорт үлүшү менен Орусия Федерациясы биринчи орунду ээледи. Орусиядан кийин 5 миллион 201 миң 837 доллар менен Вьетнам, 2 миллион 51 миң 191 доллар менен Япония турат»,- деди.

Гүрдоган аталган мезгилде Чыгыш Карадеңиз аймагынан Белоруссия, Канада, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Германия, Филиппин, Франция жана Таиландга да экспорт жасалганын билдирди.



Тектеш кабарлар