Антальяда жылдын алгачкы эки айында чет элдик турист рекорду

Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, январь жана февраль айларында чет элдик туристтердин саны 10,82 пайызга өсүп, 499 миң 784кө жетти.

2111265
Антальяда жылдын алгачкы эки айында чет элдик турист рекорду

Анталья, жылдын алгачкы эки айында чет элдик туристтердин саны боюнча рекорд койду.

Маданият жана туризм министрлигинин маалыматына караганда, шаарга январь жана февраль айларында келген чет элдик туристтердин саны 10,82 пайызга өсүп 499 миң 784кө жетти.

Февраль айында Антальяга эң көп турист жиберген өлкөлөрдүн арасында Германия 58 миң 228 турист менен биринчи орунду ээледи.

Орусия Федерациясы 48 миң 937 турист менен 2-орунда, Англия 37 миң 454 турист менен 3-орунда турат.

Антальяга эң көп турист жөнөткөн өлкөлөр Англиядан кийин Польша, Нидерландия, Казакстан, Украина, Дания, Австрия жана Бельгия болду.

Эки айлык көрсөткүчтөрдө болсо Орусия Федерациясы 106 миң 304 турист менен 1-орунду, Германия 97 миң 655 турист менен 2-орунду, Англия 55 миң 384 турист менен 3-орунду ээледи.

Англиядан кийин Польша, Казакстан, Украина, Нидерландия, Иран, Бельгия жана Дания бар.



Тектеш кабарлар