Түркиянын 6 айлык фундук экспорту
Кара деңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар бирикмеси жазуу түрүндө маалымат берди.
2110652
Түркиянын 6 айлык фундук экспорту 1,2 миллиард доллардан ашты.
Кара деңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар бирикмесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 1-сентябрда башталган 2023-2024-жылдагы экспорт сезонунун калган алты айы тууралуу маалымат берилди.
Билдирүүдө 2023-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 29-февралына чейин чет өлкөгө 1 миллиард 212 миллион 662 миң 624 долларга 167 миң 649 тонна фундук сатылганы белгиленди.
Өткөн сезондун тийиштүү мезгилинде болсо 117 миң 5 тонна фундук экспорттолуп андан 1 миллиард 35 миллион 884 миң 929 долларлык киреше түшкөнү маалымдалды.