Түркиянын экспорту январь айында өстү

Январь айынын болжолдуу тышкы соода маалыматтары жарыяланды.

2108566
Түркиянын экспорту январь айында өстү

Түркиянын экспорту январь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 3,5 пайызга өсүп 19 миллиард 991 миллион доллар, импорту болсо 22 пайызга азайып 26 миллиард 218 миллион долларды түздү.

Түркиянын статистикалык мекемеси (ТУИК) жана Соода министрлиги менен биргеликте түзүлгөн январь айынын болжолдуу тышкы соода маалыматтары жарыяланды.

Буга ылайык, Жалпы соода системасынын (GTS) алкагында экспорт январь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 3,5 пайызга өсүп 19 миллиард 991 миллион доллар, импорт болсо 22 пайызга азайып 26 миллиард 218 миллион долларды түздү.

Тышкы соода тартыштыгы январь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 56,4 пайызга азайып, 6 миллиард 227 миллион долларга түштү.

Январь айында экспортто биринчи орунду 1 миллиард 762 миллион доллар менен Германия ээледи.

Бул өлкөдөн кийин 1 миллиард 224 миллион доллар менен Америка Кошмо Штаттары, 1 миллиард 97 миллион доллар менен Ирак, 1 миллиард 22 миллион доллар менен Улуу Британия жана 999 миллион доллар менен Италия болду.

Ай ичинде алдыңкы 5 өлкөгө жасалган экспорт жалпы экспорттун 30,5 пайызын түздү.

Январь айында импортто болсо биринчи орунду Орусия ээледи.

Орусиядан импорттун көлөмү 4 миллиард 324 миллион доллар деп эсептелсе, бул өлкөдөн кийин 2 миллиард 893 миллион доллар менен Кытай, 1 миллиард 918 миллион доллар менен Германия, 1 миллиард 402 миллион доллар менен Америка Кошмо Штаттары жана 1 миллиард 187 миллион доллар менен Италия турат.

Биринчи беш өлкөнүн импорту жалпы импорттун 44,7 пайызын түздү.



Тектеш кабарлар