Түркия балыкчылык боюнча рекордго жетти

Айыл  - чарба жана токой министрлигинин балыкчылык жана суу продукциялары боюнча башкы директор Мустафа Алтуг Аталай балыкчылык секторундагы абалдарга байланыштуу баа берди.

2108756
Түркия балыкчылык боюнча рекордго жетти

Түркия өткөн жылы 1 миллион тонна өндүрүш менен балыкчылык боюнча  рекордго жетти.

Айыл  - чарба жана токой министрлигинин балыкчылык жана суу продукциялары боюнча башкы директору Мустафа Алтуг Аталай балыкчылык секторундагы абалдарга байланыштуу баа берди.

Аталай Түркиянын балыкчылык тууралуу Европада өзгөчөлөнгөнүн белгиледи.

Өлкөнүн өзгөчө балык өстүрүүдө Европада биринчи орунда экенине көңүл бурган Аталай : "Балык өстүрүү боюнча дүйнөдө биринчи орундабыз. Форель өстүрүү боюнча дүйнөдө 2-орундабыз. Биз базарды аныктаган, балык сунуштаган өлкөбүз",- деди.  

Түркиянын суу продукциялары экспортунда да көңүлдөрдү бургандыгын айткан Аталай  100дөн ашуун өлкөгө балык продукцияларынын экспорттолгондугун айтты.

Аталай балык уулоо жагынан өткөн жылды жемиштүү өткөндүгүн баса белгилеп : "Өткөн жылы аквакультура жана аңчылык продукцияларында рекорд жаңыртылды. Былтыр 1 миллион тоннага жакын балык алынган. Быйыл 575 миң тоннадан ашык балык өстүрүүнү максат кылып жатабыз",- деди.  

 



Тектеш кабарлар