Африкалык ишкерлер түрк фирма жетекчилери менен жолугушту

WCI FORUM - World Cooperation Industries Forum)Стамбулда башталды.

2108113
Африкалык ишкерлер түрк фирма жетекчилери менен жолугушту

Африканын 54 башка өлкөсүнөн Стамбулга келген ишкерлер түрк фирма жетекчилери менен жолугушту.

10-Дүйнөлүк секторлор аралык кызматташтык форуму (WCI FORUM - World Cooperation Industries Forum) Стамбулда башталды.

WCI FORUM 1,5 миллиардга жакындаган калкы, жылдык 1 триллион долларга жеткен импорт потенциалы менен жаңы рынок изденүүсүндөгү Африканын 54 өлкөсүнөн келген 1640 ишкерди Түркиядан 553 өндүрүүчү жана экспорттоочу менен жолугуштурду.  

Форум, Африка менен Түркиянын ортосунда жаңы кызматташтыктарды түзүү аркылуу Африкага кеңейүүнү же соода карым-катнаштарын өнүктүрүүнү каалаган түрк фирмаларына Африка багытында компас болуп, африкалык компаниялар үчүн да түрк рыногунда win-win соода мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

Форум 2 күнгө созулат.



Тектеш кабарлар