Түркиянын цитрус өсүмдүктөрүнүн экспорту

Цитрус өсүмдүктөрүнүн экспорту өткөн жылы мурунку жылга салыштырмалуу 23 пайызга өстү.

2105910
Түркиянын цитрус өсүмдүктөрүнүн экспорту

Түркиянын цитрус өсүмдүктөрүнүн экспорт кирешеси 2023-жылы 1 миллиард доллардан ашты.

Эгей экспортчулар бирикмелеринин (EİB) билдирүүсүнө караганда цитрус өсүмдүктөрүнүн экспорту өткөн жылы мурунку жылга салыштырмалуу 23 пайызга өстү.

Эгей мөмө, жашылча-жемиш экспорттоочулар бирикмесинин төрагасы Хайреттин Учак, Түркиянын 2023-жылы 3 миллиард 491 миллион долларлык мөмө, жашылча-жемиш экспорттогонун билдирди.

Цитрус экспортунда Орусия Федерациясынын 428 миллион доллар менен биринчиликти сактаганын айткан министр, экинчи орундагы Иракка экспорттун болсо 165 пайыздык өсүү менен 181,5 миллион долларга жогорулаганын, Украинанын да 101 миллион доллар менен үчүнчү орунду ээлегенин маалымдады.



Тектеш кабарлар