Путин: «Түркия энергетикада эң ишенимдүү өнөктөш»

Орусиянын мамлекеттик каналы Россия-1ге берген маегинде Путин, өлкөсүнө энергия ташууну чектеген деген айыптоолордун бар экенине көңүл бурду.

2103910
Путин: «Түркия энергетикада эң ишенимдүү өнөктөш»

Орусиянын президенти Владимир Путин Түркиянын энергетикада эң ишенимдүү өнөктөш экенин айтты.

Орусиянын мамлекеттик каналы Россия-1ге берген маегинде Путин, өлкөсүнө энергия ташууну чектеген деген айыптоолордун бар экенине көңүл буруп: «Алар тынымсыз Орусия (энергия булагы) бербейт, чектеп жатат деп айтышчу. Биз эч нерсеге чек койбойбуз, баарын камсыздап жатабыз. Эң ишенимдүү өнөктөштөр түрктөр болду. Бул жерде «Түрк агымы» аркылуу жүк ташылат»,- деди.

Путин Европанын орус газын сатып алабы же жокпу өзү чечиши керек экенине көңүл буруп: «Эгер аларга керек болсо, алар алышат, эгер жок болсо, биз аларсыз чече алабыз»,-деп айтты.

Путин Орусиянын жаратылыш газ экспорту үчүн азыр Европанын ордуна башка жолдорду тандаганын белгилеп:«Биз бул энергетикалык ресурстарды турак-жай-коммуналдык чарба системасындагы гана эмес, ошондой эле Орусиянын экономикасы жана өнөр жайы үчүн да ички көйгөйлөрдү чечүү үчүн колдонууга аракет кылып жатабыз»,-деди.

Орусия Европага көбүрөөк газ экспорттоодо көбүрөөк акча тапканын түшүндүргөн Путин:«Бирок, экинчи жагынан, биз энергетика тармагына канчалык аз көз каранды болсок, ошончолук жакшы, анткени экономиканын энергетикалык эмес бөлүгү мурункуга караганда бир топ ылдам өсүүдө»,-деп айтты.

Энергетика тармагындагы өнүгүүлөргө баа берген Путин Батыш өлкөлөрүнүн орус газын сатып алууну токтотуу менен орус экономикасына туруктуу зыян келтирүүнү максат кылганын айтты.

Бирок процесстин буга тескери өнүккөнүн түшүндүргөн Путин: «Алар артка кайтпас процесске кире башташты. Өндүрүш өнөр жайы (Европада) анын ичинде АКШда, ыңгайлуу шарттар түзүлгөн, энергетикалык ресурстар арзан башка өлкөлөргө өтүп жатат. Анткени алар жаратылыш газын суюлтуп, анан океанга жөнөтүп, анан кайра газга айландырышы керек. Мунун баары кошумча чыгымдарды жаратат», - деди.



Тектеш кабарлар