Түркияда өндүрүлгөн ундар 138 өлкөгө экспорттолду
Түркия статистика мекемесинин маалыматына караганда, акыркы 5 жылда болжол менен 6 миллиард долларлык экспорт жасалган.
2103664
Түркия өткөн жылы 138 өлкөгө жасаган ун экспортун 3 миллион 700 миң тоннага жеткирип бул тармактагы дүйнөлүк лидерлигин бекемдеди.
Түркия статистика мекемесинин маалыматына караганда, акыркы 5 жылда болжол менен 6 миллиард долларлык экспорт жасалган.
2022 - жылы 1 миллиард 475 миллион 408 миң доллар болгон ун экспорту өткөн жылы 1 миллирд 466 миллион доллар болуп катталды. Өткөн жылы 138 өлкөгө ун экспорттолду.
Бул мезгилде 550 миллион 801 миң доллар менен эң көп экспорт Иракка жасалды.
Ирактан кийин Сомали, Сирия, Жибути жана Венесуэла келди.