Мехмет Шимшек Түркиянын Сауд Арабиянын туризм максаттарынын ишке ашышына жардам бере аларын айтты

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Түркия  - Сауд Арабия инвестиция жана бизнес форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

2103128
Мехмет Шимшек Түркиянын Сауд Арабиянын туризм максаттарынын ишке ашышына жардам бере аларын айтты

Казына жана каржы министри Мехмет Шимшек Түркиянын Сауд Арабияга амбициялуу туризм максаттарынын ишке ашышына жардам бере аларын айтты.

Шимшек Стамбулда өткөн Түркия  - Сауд Арабия инвестиция жана бизнес форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Сауд Арабиянын амбициялуу туризм максаттарынын бар экенин белгилеген Шимшек Түркиянын курулуш тармагында  зор тажрыйбага ээ экенине көңүл бурду.

Мехмет Шимшек : "Ал жердеги (Сауд Арабия) объектилердин курулушуна жана иштетилишине, ал жакка тур операторлорубуз менен турист жиберүүгө да  салым кошо алабыз",- деди.

Түркиянын туризмде дүйнөдө биринчи 5те экенин баса белгилеген министр Шимшек : «Биздин 2023 - жылдагы көрсөткүчтөрүбүз ачык. Дүйнөлүк көрсөткүчтөр айкын болсо балким   3 - 4 - орунда болушубуз мүмкүн. Ошондуктан Түркиянын бул жагынан абдан олуттуу тажрыйбасы бар»,-деди.

 

 

 



Тектеш кабарлар