Түркиянын 2023 - жылдагы туризм кирешеси
Түркия статистика мекемесинин маалыматына караганда туризм кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 16,9 пайыз өсүп 54 миллиард 315 миллион 542 миң долларга жетти.
Түркиянын туризм кирешеси 2023 - жылы 54 миллиард 315 миллион долларга чыкты.
Түркия статистика мекемесинин маалыматына караганда туризм кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу 16,9 пайыз өсүп 54 миллиард 315 миллион 542 миң долларга жетти.
Түркиядан кеткен зыяратчы саны да 2023 - жылы андан мурдагы бир жылга караганда 11,1 пайызга өсүп 57 миллион 77 миң 440 кишиге жогорулады. Булардын 13,5 пайызын 7 миллион 730 миң 473 киши менен өлкө тышында жашаган жарандар түздү.
Өткөн жылы спорт, билим берүү жана маданият чыгымдары 70,7 пайызга, тамак-аш жана суусундук чыгашалары 33,2 пайызга жана жатаканага чыгашалары 27 пайызга өстү.
Келген коноктордун келүү максаттарында биринчи орунда 67,6 пайыз менен "саякат, көңүл ачуу, спорт жана маданий иш - чаралар" орун алып өлкө тышында жашаган жарандар Түркияга 67,4 пайыз менен эң көп "туугандарын зыярат кылуу" максатында келген.