Ризенин чай экспорту өстү

2023-жылдын январь-декабрь айларында Ризеден Бельгияга 2 миң 21 тонна чай экспорттолуп, 8 миллион 48 миң 28 долларлык киреше түштү.

2094754
Ризенин чай экспорту өстү

Ризенин өткөн жылдагы чай экспорту 2022-жылга салыштырмалуу 29 пайызга өсүп 10 миллион 248 миң 886 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар ассоциациясынын (DKİB) маалыматына караганда, жыл сайын өндүрүшү жана экспорту өскөн чайга Бельгия, Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР) жана АКШда суроо-талап жогору болду.

2023-жылдын январь-декабрь айларында Ризеден Бельгияга 2 миң 21 тонна чай экспорттолуп, 8 миллион 48 миң 28 долларлык киреше түштү.

Аталган өлкөгө чай экспорту 1109 тоннадан 3 миллион 952 миң 923 долларлык киреше алынган 2022-жылга салыштырмалуу сан жагынан 82 пайызга, нарк жагынан 104 пайызга өстү.

Бельгиядан кийин 414 миң 46 доллар менен ТКТР, 327 миң 488 доллар менен АКШ турат.

Өткөн жылдагыдан айырмаланып Ризеден Польшага, Конго Демократиялык Республикасына, Улуу Британияга, Түркмөнстанга, Малайзияга, Белоруссияга, Чехияга жана Швейцарияга да чай сатылды.



Тектеш кабарлар