Moody's Түркиянын кредиттик көрүнүшүн жогорулатты

Бул тууралуу Кредиттик рейтинг агенттигинин билдирүүсү жарыяланды.

2088314
Moody's Түркиянын кредиттик көрүнүшүн жогорулатты

Эл аралык кредит рейтинги агенттиги Moody's Түркиянын кредиттик көрүнүшүн жогорулатты.

Кредиттик рейтинг агенттигинин билдирүүсүндө Түркиянын кредит рейтингинин «В3» деп тастыкталганы жана мурда «туруктуу» болгон рейтингдин көрүнүшүнүн «оң» деңгээлге көтөрүлгөнү белгиленди.

Түркиянын кредит рейтингинин көрүнүшүн оңго өзгөртүүнүн негизги себебинин «экономика саясатында чечкиндүү өзгөрүү, өзгөчө ортодоксалдуу акча саясатына кайтуу» экени баса белгиленди.

Билдирүүдө инфляциянын динамикасы өзгөрө баштаганынын белгилери бар экени белгиленген. Бул акча-кредит саясатынын ишенимдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн калыбына келтиргендигинин көрсөткүчү экени баса белгиленди.

ЭСКЕРТҮҮ:

Мамлекеттик чыгашаларды кыскартуу, кирешелерди көбөйтүү, акча массасын кыскартуу жана соода тоскоолдуктарын жоюу сыяктуу саясаттар ортодоксалдык саясаттар болуп саналат. Катуу фискалдык жана акча-кредит саясаттары экономикада кыскарууга алып келгендиктен, ашыкча суроо-талаптын жана демек инфляциянын төмөндөшү күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар