Түркиянын өткөн жылкы фундук экспорту

Түркия өткөн жылы 121 өлкөгө 283 миң 518 тонна фундук экспорттоп, 1 миллиард 864 миллион 551 миң 43 доллар киреше алды.

2087435
Түркиянын өткөн жылкы фундук экспорту

Түркия өткөн жылы 121 өлкөгө 283 миң 518 тонна фундук экспорттоп, 1 миллиард 864 миллион 551 миң 43 доллар киреше алды.

Кара деңиз фундук жана азыктарын экспорттоочулар ассоциациясынан алынган маалыматка караганда, Германия 2023-жылы фундук экспорттогон өлкөлөрдүн арасында биринчи орунду алды.

2020-жылдан бери эң көп фундук сатылган Германияга 76 миң 346 тонна фундук жөнөтүлдү.

Түркия бул өлкөгө жасаган экспорттон 496 миллион 219 миң 992 доллар киреше алды.

Германиядан кийин Италия жана Франция келди.

Италияга 310 миллион 773 миң 337 долларга 46 миң 528 тонна продукция, Францияга 138 миллион 104 миң 314 долларга 21 миң 155 тонна продукция сатылды.

Фундук экспортунда акыркы жылдарда эң көп өнүгүү көрсөткөн базарлардын бири Кытай болду.

Рейтингде Европа өлкөлөрүнөн кийин 9-орунда турган Кытайга өткөн жылы 8 миң 950 тонна фундук сатылып, 66 миллион 102 миң 881 доллар киреше түшкөн.

 



Тектеш кабарлар