Түркиянын бал экспорту

Түркия өткөн жылы бал экспортунан болжол менен 32 миллион доллар киреше тапты.

2086508
Түркиянын бал экспорту

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар биримдигинин  маалыматына караганда, дүйнөлүк бал өндүрүүдө Кытайдан кийин экинчи, экспортто тогузунчу орунда турган Түркия 2023-жылы 9 миң 383 тонна бал экспорттоду.

Сөз болгон экспорттон 31 миллион 907 миң 291 доллар киреше алынды. АКШ 12 миллион 461 миң 373 доллар менен 59 өлкөгө экспортто биринчи орунду алды. Бул өлкөдөн кийин 4 миллион 881 миң 378 доллар менен Германия жана 3 миллион 683 миң 977 доллар менен Израиль келди.

Былтыр 2022-жылдан айырмаланып, бал Албания, Хорватия, Швеция, Кытай Эл Республикасы, Кения, Жибути, Мальта, Түштүк Корея, Сирия, Өзбекстан жана Камерунга да сатылды. 



Тектеш кабарлар