Түркиянын помидор экспорту

Түштүк - Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин  маалыматына караганда 2022 - жылы Түркиядан 54 өлкөгө жасалган помидор экспортунан 377 миллион 198 миң доллар киреше алынды.

2085130
Түркиянын помидор экспорту

Түркиянын помидор экспорту 2023 - жылы 538,7 миллион долларга өстү.

Түштүк - Чыгыш Анадолу экспортчулар бирикмелеринин  маалыматына караганда 2022 - жылы Түркиядан 54 өлкөгө жасалган помидор экспортунан 377 миллион 198 миң доллар киреше алынды.

2023 - жылы экспорт өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн 42,8 пайызга ашып, 538 миллион 724 миң долларга жетти.

Бул мезгилде Румыния, Украина, Польша, Германия, Болгария, Нидерландия,  Британия, Сейшел аралдары, Россия, Дания, Испания, Азербайжан, Италия, Катар, Казакстан, Эстония жана Францияга 52 өлкөгө 588 миң 418 тонна помидор экспорттолду.

Түркия эң көп помидор экспорттогон өлкөлөрдүн арасында Румыния болду. Түркия өткөн жылы Румынияга 91 миллион 983 миң долларлык помидор сатты. Румыниядан кийин 64 миллион 666 миң доллар менен Украина, 56 миллион 659 миң доллар менен Польша, 53 миллион 987 миң доллар менен Германия, 40 миллион 603 миң доллар жана 39 миллион 585 миң доллар менен  Россия келди. 

 



Тектеш кабарлар