Анталья өткөн жылы туризмде рекорд жаңылады

Дүйнөнүн көздөлгөн туризм борборлорунун бири болгон шаар 2023-жылы туризмдеги эң жакшы жылын өткөрдү.

2083146
Анталья өткөн жылы туризмде рекорд жаңылады

Анталья өткөн жылы 15 миллион 689 миң 258 чет элдик туристти кабыл алуу менен бардык мезгилдердин рекордун жаңылады.

Дүйнөнүн көздөлгөн туризм борборлорунун бири болгон шаар 2023-жылы туризмдеги эң жакшы жылын өткөрдү.

Шаардагы мурунку рекорд 2019-жылы 15 миллион 280 миң 763 чет элдик турист менен жаңыланган.

Облустук маданият жана туризм башкармалыгынын маалыматына караганда, 2023-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин шаарга 15 миллион 689 миң 258 чет элдик турист келди.

Анталья өткөн жылы эң көп 3 миллион 461 миң 762 турист менен Орусиядан конокторду кабыл алды.

Орус туристтердин саны мурунку жылга салыштырмалуу 14,10 пайызга өстү.

Орустардан кийин 3 миллион 363 миң 510 киши менен немистер турат.

Немис туристтердин санында да 19 пайыздык өсүш болду.

Анталья британ рыногунан да маанилүү сандагы туристти өзүнө тартты.

Үчүнчү орунда турган Англиядан шаарга 14,85 пайыздык өсүү менен 1 миллион 318 миң 215 турист келди.

Польша да күтүлбөгөн рынок болду.

2023-жылы Польшадан 1 миллион 68 миң 150 киши эс алуу үчүн Антальяны тандады.

Бул өлкөдөн келген турист санында өткөн жылга салыштырмалуу 39,60 пайыздык өсүү катталды.

Антальяга эң көп турист жиберген өлкөлөр Нидерландия, Казакстан, Румыния, Чехия, Израиль жана Украина болду.



Тектеш кабарлар