Түркияда өнөр жай өндүрүшү быйыл 1,1 пайызга өстү

Түркиянын статистика мекемеси (ТҮИК) октябрь айынын өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.

2075152
Түркияда өнөр жай өндүрүшү быйыл 1,1 пайызга өстү

Түркияда өнөр жай өндүрүшү быйыл 1,1 пайызга өстү.

Түркиянын статистика мекемеси (ТҮИК) октябрь айынын өнөр жай өндүрүшү индексинин жыйынтыгын жарыялады.

Буга ылайык өнөр жай өндүрүшү октябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 1,1 пайызга өстү.

Октябрь айында өткөн жылдын тийиштүү айына караганда тоо-кен жана карьерлерди иштетүү секторунун индекси 3,7 пайыз, өндүрүш өнөр жай индекси 1,3 пайыз, электр энергия, газ, буу жана кондициялоо өндүрүшү жана бөлүштүрүү сектору индекси 3,5 пайызга өстү.

Октябрь айында тоо-кен казып алуу жана карьерлерди иштетүү секторунун индекси мурунку айга салыштырмалуу 3,2 пайызга өссө, өндүрүш өнөр жайы индекси 0,3 пайызга, электр энергиясы, газ, буу жана кондициялоо өндүрүшү жана бөлүштүрүү сектору индекси 2,3 пайызга төмөндөдү.



Тектеш кабарлар