Түркиянын анчоус экспорту 20 пайызга өстү

Өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Өзбекстан, Ирак, Молдова, Малайзия жана Сомалиге да анчоус экспорттолду.

2073860
Түркиянын анчоус экспорту 20 пайызга өстү

Түркиядан январь-ноябрь айларында анчоус экспорту 20 пайызга өсүп 12 миллион 202 миң 980 долларга жетти.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, Түркиядан 11 айда 2 миң 479 тонна анчоус экспорттолгондугун айтты.

Аталган тышкы соодадан 12 миллион 202 миң 980 долларлык киреше түшкөнүн белгилеген Гүрдоган, бул көрсөткүчтүн 10 миллион 129 миң 431 доллар киреше алынган өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 20 пайызга өскөнүн билдирди.

Гүрдоган бул мезгилде 25 өлкөгө анчоус сатылганын маалымдап: "Франция, Бельгия жана Германия эң көп экспорт кылынган үч өлкө болду. Бул мезгилде Францияга 4 миллион 361 миң 360, Бельгияга 3 миллион 745 миң 655 жана Германияга 1 миллион 91 миң 724 долларга анчоус сатылды",- деди.

Гүрдоган өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Өзбекстан, Ирак, Молдова, Малайзия жана Сомалиге да анчоус экспорттолгондугун кабарлады.



Тектеш кабарлар