Түркиянын фундук экспорту

Кара деңиз фундук жана азыктары экспорттоочулар бирикмесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 1-сентябрда башталган 2023-2024 экспорттук сезонунун калган үч айы тууралуу маалымат берилди.

2072354
Түркиянын фундук экспорту

Түркия 2023-2024 фундук экспорттоо сезонунун үч айлык мөөнөтүндө 572 миллион доллардан ашык киреше тапты.

Кара деңиз фундук жана азыктары экспорттоочулар бирикмесинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, 1-сентябрда башталган 2023-2024 экспорттук сезонунун калган үч айы тууралуу маалымат берилди.

Чет өлкөгө 1-сентябрдан 30-ноябрга чейин 572 миллион 881 миң 387 долларга 83 миң 650 тонна фундук сатылганы, өткөн сезондун тийиштүү мезгилинде 95 миң 474 тонна фундук экспорттолуп 536 миллион 339 миң 147 долларлык киреше түшкөнү маалымдалды.



Тектеш кабарлар