Түркиянын туризм кирешеси өстү

Түркиянын статистика мекемеси (ТУИК) быйылкы жылдын июль-сентябрь айларынын туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.

2058242
Түркиянын туризм кирешеси өстү

Түркиянын туризм кирешеси жылдын үчүнчү чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 13,1 пайызга өсүп 20 миллиард 225 миллион 317 миң долларга жетти.

Түркиянын статистика мекемеси (ТУИК) быйылкы жылдын июль-сентябрь айларынын туризм көрсөткүчтөрүн жарыялады.

Буга ылайык туризм кирешеси үчүнчү чейректе өткөн жылдын тийиштүү чейрегине караганда 13,1 пайызга өстү. Аталган мезгилде туризмден түшкөн киреше 20 миллиард 225 миллион 317 миң доллар болду.

Туризм кирешесинин 16,5 пайызы Түркияга келген чет өлкөдө жашаган жарандардан камсыздалды.

Бул мезгилде чет элдик туристтер Түркияга 76,2 пайыз менен эң көп «саякат, көңүл ачуу, спорт жана маданий иш-чаралар» үчүн келди.

Чет өлкөдө жашаган жарандар болсо Түркияга 61,2 пайыз менен көбүнчө «тууган-досторуна зыярат кылуу» үчүн келишти.



Тектеш кабарлар