Түрк балы жылдын 9 айында 52 өлкөгө сатылды

Тышкы сатуудан 23 миллион 393 миң 402 долларлык киреше түштү.

2056206
Түрк балы жылдын 9 айында 52 өлкөгө сатылды

Түркиянын маанилүү өндүрүш жана экспорт продукцияларынын арасында орун алган балды жылдын 9 айында АКШ, Израиль жана Германия баштаган 52 өлкө тандады.

Чыгыш Кара деңиз экспортчулар бирикмесинин (DKİB) маалыматына караганда, дүйнөлүк бал өндүрүүдө Кытайдан кийин экинчи, экспортто 12-орунда турган Түркия январь-сентябрь айларында 7 миң 137 тонна бал экспорттоду.

Аталган тышкы сатуудан 23 миллион 393 миң 402 долларлык киреше түштү.

Өлкөнүн экспортунда 9 миллион 925 миң 259 доллар менен АКШ биринчи орунду ээледи.

Жылдын үчүнчү чейрегинде өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Хорватия, Кытай Эл Республикасы, Албания, Исландия, Швеция, Сирия, Өзбекстан жана Камерунга да бал сатылды.



Тектеш кабарлар