Болат: «Катардын Түркиядагы инвестициясы 20 миллиард доллардан ашты»

Соода министрлигинин координациясында Түркия экспортчулар ассамблеясы (TIM) тарабынан уюштурулган Түркия-Катар соода делегациясы жана эки тараптуу иш жолугушуулары Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлдү.

2045228
Болат: «Катардын Түркиядагы инвестициясы 20 миллиард доллардан ашты»

Соода министри Өмер Болат Катардын Түркиядагы инвестициясынын 20 миллиард доллардан ашканын айтты.

Соода министрлигинин координациясында Түркия экспортчулар ассамблеясы (TIM) тарабынан уюштурулган Түркия-Катар соода делегациясы жана эки тараптуу иш жолугушуулары Катардын борбор шаары Дохада өткөрүлдү.

Жолугушуунун ачылышында сөз сүйлөгөн Болат EXPO Доха 2023 жана Түркия павильонунун ачылышынан улам Катарга чоң делегация менен келишкендерин айтты.

Түркия менен Катардын бир гана дос, коңшу жана бир тууган өлкөлөр эмес, стратегиялык өнөктөштөр экенин түшүндүргөн Болат, эки өлкөнүн ортосунда жакында кол коюлган соода келишимдери менен соода көлөмүнүн дагы өсө турганын белгиледи.

Болат: «Учурда 2,3 миллиард доллар болгон өз ара соода жана инвестицияларыбыздын мындан ары да өсөөрүнө ишенебиз. Түркиядан Катарга олуттуу инвестициялар бар, Катарда 727 түрк фирмасы иш алып барууда. 220 катарлык фирма Түркияда маанилүү долбоорлорду ишке ашырды. Катардын Түркиядагы инвестициясы 20 миллиард доллардан ашты»,-деп айтты.

Түрк подрядчиктеринин Катардын инфраструктурасын жана суперструктурасын өнүктүрүүдө чоң долбоорлорду колго алганын жана 18-19 миллиард долларлык кызматтарды ийгиликтүү аяктаганын белгилеген Болат, Түркия менен Катардын Өнүгүү жолу долбоорунда да кызматташып жатканын кошумчалады.



Тектеш кабарлар