Түркиянын экономикасы биринчи чейректе өстү
Түркиянын статистика мекемеси, быйылкы жылдын биринчи чейрегинин (январь-март мезгили) ички дүң продукциясынын (ИДП) жыйынтыгын жарыялады.
Түрк экономикасы жылдын биринчи чейрегинде 4 пайызга өстү.
Түркиянын статистика мекемеси, быйылкы жылдын биринчи чейрегинин (январь-март мезгили) ички дүң продукциясынын (ИДП) жыйынтыгын жарыялады.
Буга ылайык, чынжырланган көлөм индекси катары 2023-жылдын биринчи чейрегинин ИДПсынын алгачкы баалоосу өткөн жылдын ушул эле чейрегине салыштырмалуу 4 пайызга өстү.
Ушундайча түрк экономикасы Ковид-19 пандемиясына каршы чаралар ишке ашырылган 2020-жылдын экинчи чейрегинен кийин 11 чейрек катары менен өстү. Үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 6-февралдагы Кахраманмараш жер титирөөлөрүнүн таасирине карабастан 4 пайыздык өсүү көңүлдү бурду.
Бир тараптан Түркия жылдын биринчи чейрегинде катталган 4 пайыздык өсүү менен Экономикалык Кызматташтык жана Өнүгүү Уюму (OECD) өлкөлөрүнүн арасында эң көп өскөн экинчи өлкө, Чоң жыйырмалыктын үчүнчүсү болууну камсыз кылды.
OECD өлкөлөрүнүн ичинен Ирландия ушул жылдын январь-март мезгилинде өткөн жылдын ушул эле чейрегине салыштырмалуу 6,4 пайыздык өсүү менен биринчи орунду ээледи.
Бул өлкөдөн кийин 4 пайыз менен Түркия, Израиль жана Коста-Рика, 3,8 пайыз менен Испания болду.
Биринчи чейрек өсүү маалыматтары жарыяланган G20 өлкөлөрүнүн ичинен Индонезия эң жогорку өсүү темпи 5 пайызга ээ болду.
Бул өлкөдөн кийин 4,5 пайыз менен Кытай, 4 пайыз менен Түркия, 3,9 пайыз менен Сауд АраБиясы болду.
ЕБ өлкөлөрүнүн өсүү темптерине караганда Ирландиянын биринчи орунду алганы байкалды.
Бул өлкөдөн кийин Түркия экинчи, Испания болсо үчүнчү орунда экени эсептелди.