Түркиянын бал экспорту өстү
Түркиядан 40 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга бал сатылды.
Түрк балынан 4 айда 13,5 миллион долларлык киреше түштү.
Чыгыш Карадеңиз экспортчулар биримдигинин башкаруу кеңешинин төрагасынын орун басары Ахмет Хамди Гүрдоган, январь-апрель мезгилинде Түркиядан 40 өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга бал сатылганын айтты.
Гүрдоган жогоруда айтылган мезгилде 4 миң 142 тонна бал экспортунан 13 миллион 468 миң 114 долларлык киреше алынганын билдирип: "Бул мезгилде эң көп экспорт кылынган 3 өлкө АКШ, Германия жана Израил болду. АКШга 5 миллион 256 миң 178 доллар, Германияга 2 миллион 110 миң 292 доллар жана Израилге 1 миллион 803 миң 82 долларлык бал экспорттолду",- деди.
Бал экспортунда өлкөлөрдүн ар түрдүүлүгүнө көңүл бурган Гүрдоган, өткөн жылдын тийиштүү мезгилинен айырмаланып Сауд Арабия, Ирландия, Хорватия, Румыния, Венесуэла, Кытай Эл Республикасы жана Камерунга бал сатылганын маалымдады.
Тектеш кабарлар
Түркиянын экспортунда өсүш
Соода министри Өмер Болат сентябрь айынын тышкы соода көрсөткүчтөрүн жарыялады.