Түркиядан Евробиримдик өлкөлөрүнө автоунаа экспорту өстү

Сектор январь-март мезгилинде 190дон ашуун өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга өз өнүмүн сатты.

1971653
Түркиядан Евробиримдик өлкөлөрүнө автоунаа экспорту өстү

Түрк унаа өнөр жайы жылдын алгачкы үч айында экспортунун 70 пайызга жакынын Европа Биримдиги (ЕБ) өлкөлөрүнө жасады.

Улудаг Автоунаа өнөр жайы экспортчулар биримдиги жана Түркия экспортчулар ассамблеясынын көрсөткүчтөрүнө караганда, сектор январь-март мезгилинде 190дон ашуун өлкө, автономдуу жана эркин аймактарга өз өнүмүн сатты.

Автоунаа өнөр жайынын экспорту биринчи чейректе 2022-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,8 пайызга өсүп, 7 миллиард 445 миллион 40 миң доллардан 8 миллиард 619 миллион 158 миң долларга көбөйдү.

Түркиянын биринчи чейректе 61 миллиард 587 миллион 868 миң доллар болгон жалпы экспортунан сектор 14 пайыздык үлүш алды.

Түркиянын быйылкы жылдын январь-март мезгилиндеги автомобиль экспортунда 69,94 пайыздык үлүш менен Европа Биримдиги аймагы биринчи орунду ээледи.

Бул мезгилде ЕБ өлкөлөрүнө экспорт өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 25,5 пайызга өсүп, 4 миллиард 804 миллион 808 миң доллардан 6 миллиард 28 миллион 688 миң долларга көбөйдү.

Улуу Британия Евробиримдиктен чыккандан кийин кошулган «берки Европа өлкөлөрү» тобуна чет элдик сатуулар болсо 4,4 пайызга өсүп 972 миллион 366 миң долларга жетти.

Эң көп экспорт кылынган өлкөлөр Германия, Франция, Италия, Испания, Польша, Словения жана Бельгия болду.

ЕБ өлкөлөрү эң көп экспорт жасалган 10 өлкөнүн 7син түздү.



Тектеш кабарлар