Түркияда аялдардын жумуштуулук деңгээлинде рекорд

Жыл өткөн сайын аялдардын жумуш менен камсыз болуу деңгээлинин өскөндүгү байкалды.

1964774
Түркияда аялдардын жумуштуулук деңгээлинде рекорд

Түркияда аялдардын жумуштуулук деңгээли өткөн жылы 30,4 пайыз менен бардык мезгилдердин жогорку көрсөткүчүнө жетти.

Түркия статистика мекемесинин маалыматына караганда, өлкөдө 2022-жылы 15 жаштан жогоркулар үчүн жумушсуздук 10,4 пайызды түздү. Бул көрсөткүч эркектер үчүн 8,9 пайыз жана аялдар үчүн 13,4 пайыз деп болжолдонду. Ошол эле мезгилде өлкөдө жумуштуулук деңгээли 47,5 пайызды түзсө, бул көрсөткүч эркектерде 65 пайыз, аялдарда 30,4 пайыз деп эсептелди.

Иштелип чыккан стимул механизмдеринин жана көрүлгөн чаралардын негизинде жыл өткөн сайын аялдардын жумуш менен камсыз болуу деңгээлинин өскөндүгү байкалды. 2005-жылы 19,4 пайыз болгон аялдардын жумуштуулук деңгээли 2022-жылы 30,4 пайызга өсүп, бардык убактагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

Түркияда иштеген аялдардын саны 2005-жылы 4 миллион 773 миң болсо, 2022-жылы 9 миллион 935 миңге жетти. Ушундайча 2005-2022-жылдары өлкөдө иштеген аялдардын саны эки эсеге өскөн болду.



Тектеш кабарлар