Кытай 2023-жылдагы өсүү максатын 5 пайыз деп жарыялады

Кытайды 5 жыл башкара турган мамлекеттик кадрлар аныктала турган «эки тараптуу жолугушуулар» деп аталган сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүндө Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян өкмөттүн иш отчету тууралуу маалымат берди.

1954946
Кытай 2023-жылдагы өсүү максатын 5 пайыз деп жарыялады

Кытай 2023-жылдагы өсүү максатын 5 пайыз деп жарыялады.

Кытайды 5 жыл башкара турган мамлекеттик кадрлар аныктала турган «эки тараптуу жолугушуулар» деп аталган сүйлөшүүлөрдүн экинчи күнүндө Кытайдын премьер-министри Ли Кэцян өкмөттүн иш отчету тууралуу маалымат берди.

Кытайдын 2022-жылы 3 пайыз өсө алганын белгилеген Ли, 2023-жылдагы өсүү максатынын 5 пайыз экенин айтты.

Кытайдын эгемендик жаңжалында турган Тайвань темасына токтолгон Ли: «Тайван менен тынчтыкчыл биримдикке жетишүү үчүн аракеттерди алдыга жылдырышыбыз керек»,- деди.

Кытай армиясына кайрылган Ли армиянын күжүрмөн даярдыгын жогорку деңгээлде кармоо керектигин баса белгиледи.

Кытайда кечээ башталган «Эки тараптуу жолугушуулар» деп аталган бир жумага созулган сүйлөшүүлөрдүн аягында жаңы өкмөттүн курамы белгилүү болот.



Тектеш кабарлар